Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталды


Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.
Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.

Борбордук шайлоо комиссиясы тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду бир мандаттуу №16 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттады. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыкка" билдирди.

Равшан Жээнбеков "Кой-Таш окуясы" боюнча кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Ал 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.

Жээнбеков шайлоо учурунда үгүт ишин кандай жүргүзөт белгисиз.

Адвокат Замир Жоошев 25-октябрдагы сот отурумунда "Кой-Таш окуясы" боюнча айыпталып жаткан төрт адам парламенттик шайлоого талапкер катары бараткандыктан сот отурумдарын шайлоо бүткөнчө токтото турууну суранган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG