Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келди


Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култер.
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култер.

27-октябрда Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 259 740 дозасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Иш-чарага АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култер, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана эл аралык COVAX программасына мүчө өлкөлөр Япониянын, Швейцариянын, Британиянын жана Евро Биримдиктин өкүлдөрү катышты.

“Кошмо Штаттар ар бир адам коопсуз жана натыйжалуу вакцина алуусу үчүн кыргыз өкмөтүнүн эмдөө кампаниясына каржылык колдоо көрсөтүп жатат”, - деди Соната Култер.

Элчилик пандемия башталгандан бери АКШ Кыргызстанга 9 миллион доллардан ашык суммага жардам көрсөткөнүн белгиледи.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы жана Түркиядан келген Sinovac вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат.

27-октябрга карата 1 миллион 686 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 958 миңден көбү бир дозаны, калганы эки дозаны алгандар. Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн калктын 70% же 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 243 миллионго жакындап калды. Алардын 5 миллионго жакыны вирустан көз жумду. (МТа)

XS
SM
MD
LG