Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктын соту болот


Тажикстан менен чек арадагы Максат айылы
Тажикстан менен чек арадагы Максат айылы

Тажикстандын Жийделик айылына жакын жерден кармалган Кыргызстандын 44 жаштагы жараны Саидакмат Артыковду бошотуу тууралуу кошуна өлкөгө кайрылуу жөнөтүлдү.

27-октябрда Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун губернаторунун жолугушуусунда бул маселе козголорун президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Саидакмат Артыков ушул жылдын 16-сентябрында Тажикстандын күч кызматтары тарабынан "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген кине менен кармалган. Ден соолугуна байланыштуу камактан ооруканага которулган. Анын соту 4-октябрга белгиленип, белгисиз себептерден улам 27-октябрга жылдырылган.

Артыковдун туугандары 26-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, аны бошотууга жардам берүүнү өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, Саидакмат Артыков Тажикстандын аймагындагы Жийделик айылында туулуп-өскөн. Кийин Кыргызстандын жарандыгын алып, туулган айылына барып-келип турган. 15-сентябрда күйөө баласынан кабар алуу үчүн коңшу өлкөгө барып, ошол боюнча чыккан эмес.

Тажикстан тараптан Артыков боюнча комментарий боло элек.

Сентябрда тажик күч кызматтары чек аралаш аймактан төрт кыргызстандык жаранды кармап кетишкен, алар сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG