Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Баткен жана Согд облустарынын башчылары жолугушту


Баткен облус башчысы Абдыкерим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облус башчысы Раджоббой Ахмодзода. Төрт-Көчө. 27-октябрь, 2021-жыл.
Баткен облус башчысы Абдыкерим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облус башчысы Раджоббой Ахмодзода. Төрт-Көчө. 27-октябрь, 2021-жыл.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода 27-октябрда жолугушту.

Ага кошуна эки өлкөнүн чектеш облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, райондордун акимдери катышты. Жыйын Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектешкен Төрт-Көчө участогунда өткөндүгүн Баткен облустук бийлигинин маалымат кызматы ”Азаттык” радиосуна билдирди.

Жолугушууда чек арадагы соңку катталган окуялар жана чыңалунун алдын алуу боюнча макулдашуулар болду.

Эки облус башчысы жолугушуусунда мурдагы макулдашууга ылайык чек аралаш аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын курулуш иштерин жүргүзбөө, эгерде мал-жандыктар чек арадан өтүп кетсе эки тарап тең кармабай, өз жерине кайтаруу, аткезчиликке бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү бирдикте иш-чараларды жүргүзүү жана суу бөлүштүрүү багытындагы макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөө тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар байма-бай катталып турат. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган, жүздөгөн имараттар кыйраган.

Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG