Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Ташкент менен НАТО өз ара кызматташтыкты талкуулады


Өзбек куралдуу күчтөрүнүн технкасы. Иллюстрациялык сүрөт
Өзбек куралдуу күчтөрүнүн технкасы. Иллюстрациялык сүрөт

Коопсуздук маселелеринде Ташкент НАТОну маанилүү өнөктөш деп эсептейт.

Бул тууралуу НАТОнун Борбор Азия жана Кавказ боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү Хавьер Коломин менен Өзбекстандын уюмдагы миссиясынын жетекчиси Дильер Хакимовдун кездешүүсүндө сөз болду.

«Дунё» кабар агентиги билдиргендей, тараптар орток кызыкчылыктагы диалог мындан ары уланарын белгилешти. Өзбекстандын альянс менен “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагындагы кызматташуусунун келечегин талкууга алышты.

Сүйлөшүүдө өзбек куралдуу күчтөрүндө терең реформалар жүрүп жатканы, аскерлердин кесиптик, психологиялык даярдыгын жакшыртуу, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташууну кеңейтүү аракети жүрүп жатканы айтылды.

Өзбекстан НАТО менен “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагындагы документке 1994-жылы кол койгон.

2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин НАТОго кирген өлкөлөр жана Еврошаркет кан төгүүнүн чоо-жайын көз карандысыз топ иликтесин деп талап кылгандан кийин тараптардын мамилеси солгундап кеткен.

Үч жылдан кийин Евробиримдик Өзбекстанга аскердик технологияларды берүүгө салган санкцияларды жана эмбаргону алгандан кийин альянс менен Ташкенттин кызматташтыгы жанданган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG