Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Акылбек Жапаров бажыдагы көмүскө оюндар жоюлат деп ишендирди


Бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчилигине бул тармактан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы - президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы жетекчи бизнесмендер менен чогуу бажыдагы болгон көмүскө механизмдердин баарын бюджетке бура турган милдеттемелер менен кызматка барды.

"Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге Бажы кызматы да, өкмөт да колунан келген жардамын берет. Бирок, бажы тармагындагы оюндардын баары токтотулат. Быйылкы план боюнча 38 миллиардды (ЕАЭБден 1,9%ды эсептебегенде) кийинки жылы 105 млрд сомго көтөрөсүң деп милдеттемелерди койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ 30 унаа "Эркечтамдан", 30 унаа "Торугарт" өткөрмө пунктарынан өттү дейт, канчасы өткөнүн бүгүн түшкө чейин тактап беришет. Жакынкы 10 күндүн ичинде жүк ташуучу унааларды 2 эсе көбөйтөбүз деп жатышат", — деди Жапаров.

Мамлекеттик бажы кызматына жетекчи болуп Адилет Кубанычбеков 26-октябрда дайындалган. Жаңы орун басар болуп Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков бекитилген.

Адилет Кубанычбеков буга чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Парламент бүгүн “Салык кодексинин долбоору жана аны колдонууга киргизүүгө багытталган” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG