Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Апрель айында медиктер менен мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын 1-апрелине карата мугалимдердин, медицина, илим жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Айлык эки эсе, же 50% көтөрөбүз. Бул 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Депутат Абдывахап Нурбаев жергиликтүү башкаруу органдарына мектептерге жардам берүүнү, бюджет болгон учурда жакшы иштеген мугалимдерге кошумча айлык төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү сунуштады.

"Биз андай чектөөлөрдүн бардыгын алып салганбыз. Мүмкүнчүлүк берип жатабыз, керек болсо экинчи айлык, сый акы берип турсун. Кызыктырыш керек. Өкмөттүн токтому менен өздөрүнүн акчаларынын 20% жардам бергенге, 20% коронавируска каршы күрөшүүгө, калган 60% экономиканын өнүгүшүнө жумшаса болот", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш “Салык кодексинин долбоору жана аны колдонууга киргизүүгө багытталган” мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Кыргызстанда орточо айлык 19 миң сомдун тегерегинде. Ал эми мугалимдердин маянасы орточо айлыкка да жетпейт. Башкача айтканда 15 миңдин гана тегерегинде. 2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык 14 764 сомду түзгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG