Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Айрым салыктар кыскарып, мүлк жана жер салыгы бириктирилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айрым салыктын түрлөрү кыскарат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин “Салык кодексинин долбоору жана аны колдонууга киргизүүгө багытталган” мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында белгилүү болду.

Жалпы мамлекеттик салык 6, жергиликтүү салык 2ден 1ге жана атайын режимдеги салыктар 8ден 6га кыскарат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламент жыйынында билдирди.

Депутат Абдувахаб Нурбаев өкмөттүн аз айлык алган мугалимдерден салык алып, укук коргоо, бажы кызматынын өкүлдөрүн киреше салыктан бошоткон саясатын сындады.

"Ошол эле мугалим менен медиктердин жашаган үйүн жана машинасын бажычылардыкы менен салыштырып көрсөңүз. Бул кандай адилеттүүлүк болот. Булар айлыгы аз болуп, салык төлөп атат", - деди эл өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы жылдары бардыгы салык төлөй турганын билдирди.

"Компромисс катары бул мурункудай эле калып калды. Жеке пикиримде, Кыргызстанда быйыл болбосо дагы эмдиги жылы бардыгы салык төлөшү керек. 10-15 жылдан бери ушуну киргизе албай келатам. Концепцияны сунуш кылдык. Сиз айтканды биз дагы бир жолу эске алганга аракет кылабыз. Советтер Союзу учурундагы системадан биз баш тартабыз", - деди Акылбек Жапаров. Ал жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө 5 эсе көп салык жыйналарын кошумчалады.

Быйылкы жети айда салыктан жана төлөмдөрдөн 55 млрд. 546,9 млн. сом чогулду. Бул былтыркыга караганда 15,9 млрд. сомго көп. Мамлекеттик салык кызматы жети айдын планы 105,4% аткарылганын маалымдоодо.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу салык жана төлөм чогултуу эселеп азайган. Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын расмий жыйынтыгында 1,7% төмөндөгөнү кабарланган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG