Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Бишкектеги соода борборунда аялын сабаган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, 25-октябрда "Таш Рабат" соода борборунда аялын сабаган Т.А. атуу 27 жаштагы жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

25-октябрда социалдык тармактарда "Таш Рабат" соода борборунда күйөөсү аялын сабаганы тууралуу видео тарап, талкуу жараткан. Кийин бул боюнча милицияга арыз түшкөнү белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталды. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 97-орунга түштү. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG