Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Кыргызстан аялдар үчүн кооптуубу?


Кыргызстан, Ош, 8-марттагы аялдар жүрүшү.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө экенин көрүүгө болот.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 97-орунга түштү. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Финляндия, Норвегия, Дания менен Люксембург аялдар үчүн эң коопсуз өлкөлөр деп табылган.

Аталган индекске 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Бул изилдөөнү Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору ишке ашырган.

Аялдардын укуктары боюнча подкасттын автору, феминист Бегаим Замирбекова аталган иликтөө менен таанышып чыгып, Кыргызстандын аялдар үчүн кооптуу өлкөлөрдүн катарына кошулганын мындайча чечмеледи:

"Менин байкашымча, отчетто дүйнө жүзү боюнча аялдардын коопсуздугу начар абалда экени көрсөтүлгөн. Буга пандемия шартындагы жашоо таасир этиптир. Карантин маалында зомбулук күчөгөнүн айтпасак деле белгилүү. Биздин өлкөнүн көрсөткүчүн айта турган болсок, зомбулук учурлары боюнча ачык статистикадан улам болсо керек. Мисалы, Түркмөнстанда абал биздегидей ачык эмес. Экинчиден, Айзада, Бурулайдын окуясындагы жазасыздык да себеп болду. Тагыраагы бийлик тараптан жетишерлик чара көрүлгөн жок. Бир жагынан биздин башка өлкөлөрдөй жабык болбой, абалды ачыктап жатканыбыз жакшы. Бирок, зомбулукка каршы күрөш аксап, жазасыздык болуп жатканы жакшы эмес. Биздин өлкөдө "сен аялыңды дөңгөлөк асып алып, кордосоң деле эч кандай жазага тартылбайсың" деген түшүнүк пайда болуп калбадыбы. Ошондуктан, абалды оңдоо жазадан башталат".

Ташкенттик активист, адам укуктары боюнча юрист Дилфуза Куролованын пикиринде, зомбулукка байланыштуу абалды ачык айтуу ошол өлкөдөгү жарандык коомго жана бийликке көз каранды.

Дилфуза Куролова.
Дилфуза Куролова.

"Кыргызстан, Өзбекстанда зомбулук тууралуу коомчулук ачык талкуулап, массалык маалымат каражаттары жазып жатат. Бул адатта өлкөнүн жарандык коомуна, бийлигине көз каранды. Мисалы, Кыргызстандан башка ошол эле, Тажикстан же Түркмөнстанда деле зомбулук аз же көп деп айтууга болбойт. Ооба, бул өлкөлөр кайсы бир деңгээлде жабык, статистика боюнча да зомбулук аз катталары айтылат. Чыныгы абал тууралуу так маалымат жок болгондуктан айтуу кыйын. Бирок, зомбулукту жаап-жашыруу ордуна талкуулап, чечкен коомдо күрөш да ошончолук натыйжалуу болот".

Июнь айында көчөдөн бейтааныш жигиттин орой тийишкенине кабылган журналист, активист Айдай Токоева жогорудагы изилдөөнүн чындыгы бар экенине токтолду.

"Ошол окуя боюнча эч кандай жыйынтык чыккан жок. Экспертиза дайындайбыз деген бойдон калды. Азыр кечкисин үйгө келатканда колума таяк кармап алчу болдум. Менимче, акыркы жылдары көп эле кыздар өзүн мага окшоп коопсуз сезбей калды. Ошондуктан, Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкөгө айланып баратат дегенге кошулам".

Кыргызстанда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан кыз-келиндер көз жумган бир нече учур катталды. 2020-жылы 21 аял көз жумган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова болсо зомбулук аялдарды аргасыз кылмышка түртүп жатканын белгиледи.

"Кыргызстан аялдар эле эмес, эркектер үчүн да кооптуу боло баштаптыр. Азыр жабык жайлардагы абал менен таанышып чыгып, кордолгон балдарды, кыздарды көрдүк. Камалгандардын арасында өзүн коргош үчүн кылмышка барган кыз-келиндер да бар экен. Мисалы, ушундай тагдырга мен мурда тааныган келин туш болуптур. Биринчи турмушунан жолу болбой, экинчи жолу турмушка чыккан эле. Ал адамдын кордугу жанына батканда ачууга алдырып өлтүрүп алган экен. Азыр сот чечимин күтүп отурат".

Адистердин айтымында, миграциянын күчөшүнө да үйдөгү зомбулук себепкер болушу мүмкүн. Жакындарынын ур-токмогунан, басымынан чарчаган аялдар адатта сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болот.

Анткен менен президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда гендердик тең салмактуулук бузулуп жатат дегенди четке каккан.

"Гендердик баланс боюнча Кыргызстанда коркунуч бар дегенден кудай сактасын. Аялдар ээн-эркин эле жүрөсүңөр. Каалаганыңарды кыласыңар, эч ким эч нерсе деген жок. Өкмөт курамында кемчиликтер бар эми. Аялдарды дагы тартабыз".

Зомбулукка каршы күрөш жана коопсуздук маселеси козголгондо адатта милиция кызматкерлеринин ишине сын көп айтылат. Быйыл уурдалып, киши колдуу болгон Айзаданын окуясында ИИМдин алдына акцияга чыккан кыз-келиндерди белгисиз топ келип кубалаган.

Андан мурдагы жылдары 8-мартта аялдардын тилектештик маршына чыккандардын иш-чарасын калпак кийген эркектер үзгүлтүккө учуратып, милиция аларга чара көрүү ордуна активист кыз-келиндерди кармап кеткен.


Учурда зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга көрсөтүлө турган кызматтар менен жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча 200дөй милиция кызматкери окуудан өтүп жатат.

Окутуучулардын бири, милициянын инспектору Нуржан Адылова буларга токтолду:

"Иш-чарага катышкан милиция өкүлдөрү зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга карата базалык кызмат көрсөтүүнүн негизги принциптерин жана стандарттарын окушат. Катышуучулар аялдардын жана балдардын укуктарын зомбулуктан сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук мыйзамдар менен таанышат".

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG