Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Айзаданын өлүмү: создуккан сот, бааланбаган өмүр


Айзаданын өлүмү: создуккан сот, бааланбаган өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:42 0:00

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 15-июнга белгиленген отурум болбой калды. Буга айыпталуучулардын бири Сыймык Молдосариевдин адвокаты сотко келбегени негиз болду. Кийинки отурум 1-июлга дайындалды. Адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнүнө байланыштуу соттук отурум эки апта мурда башталган. 11-июндагы онлайн отурумда кылмышка шек саналган беш адам сурак берди. Кыргызстанда резонанс жараткан окуяны тергөө иштери кандай жүрдү, соттук жараян кандай өтүп жатат? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова жана жактоочусу, укук коргоочу Нурбек Токтакунов жооп берди.

XS
SM
MD
LG