Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Үчөө тең вакцина албагандар. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2661 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 124 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (65 адам) жана Чүй облусунда (28 адам). Ош шаары, Ош, Нарын жана Жалал-Абад облусунда илдетти жуктуруп алгандар катталган жок.

  • Бишкек - 65
  • Чүй облусу – 28
  • Талас облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 13
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу - 4

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 865 адамга жетти. Азыр ооруканада 688 бейтап жатат, дагы 692 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

27-октябрга карата 1 миллион 686 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 958 миңден көбү бир дозаны, калганы эки дозаны алгандар. Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн калктын 70% же 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 243 миллионго жакындап калды. Алардын 5 миллионго жакыны вирустан көз жумду.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG