Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Оштун мэри башкармалыктардын жетекчилерин ротация кылууну сунуштады


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов парламенттик шайлоону таза өткөрүү, административдик ресурс колдонуунун алдын алуу үчүн аймактык башкармалыктардын жетекчилерин ротация кылууну сунуштады. Ал бул тууралуу 26-октябрда шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында айткан.

"Бул жакка мени "шайлоону өткөрүү үчүн алып келди" деп айтып жатышат. Ооба, мени "шайлоону таза өткөрүп бер" деп алып келишти. Мен бир да партияга чуркабайм. Силерди да ошого үгүттөйм. Мунун баары угулбайт, билинбейт деп ойлобогула. Маалыматтар күнүнкүсү-күнүгө жетип турат. Ким чай берип жатат, кайсы үй башчы кимдикине барып жатканы. Муниципалдык аймактык башкармалыктар айрыкча. Ротация кылып салгыла. Бүгүн ушуну карап чыгып, сунуштарды бергиле".

Ош шаарындагы бир мандаттуу окуругга караган 55 шайлоо участогу бар. Ошентсе да шаардык мэрия жалпысынына 78 шайлоо учаскасында добуш берүүнү уюштурууга көмөктөшөт. Калаада бул ирет жалпысынан 153 миңден ашуун шайлоочу катталган.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 28-октябрда аяктап, 29-октябрда үгүт иштери башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG