Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Эрдоган Батыштын он элчисин өлкөдөн чыгаруудан баш тартты


Түркия. Режеп Тайып Эрдоган.
Түркия. Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия Батыштын он элчисин өлкөдөн чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы маалымат жыйынында билдирди.

Буга чейин Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Голландия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швеция жана АКШнын элчилери Түркиянын ички иштерине кийлигишпей турганын Твиттер баракчалары аркылуу жазышкан.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 23-октябрда Тышкы иштер министрлигине батыштын он элчисин өлкөдөн чыгарууну тапшырган. Жогорудагы мамлекеттердин Тркиядагы элчилери төңкөрүш жасоого айыпталган филантроп Осман Каваланын ишин кайрадан калыс жана адилет карап, аны бошотууну талап кылышкан болчу.

Түркия НАТОнун мүчөсү жана Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер. Бирок Эрдоган дипломаттардын өлкөдөгү кырдаал боюнча Анкарага кеңеш берүүгө укугу жок экенин айтты.

"Бул элчилердин бизге келип, эмне кылуу керектигин айтууга акысы жок! Силер кимсиңер?" - деген болчу түрк лидери Адилеттик жана өнүгүү партиясынын тарапташтарынын митинги учурунда.

Түркияда абакта отурган 64 жаштагы Осман Кавала “2013-жылы бийликке каршы акцияларды уюштурган” деп айыпталып, былтыр 2020-жылы акталган болчу. Бирок түрмөдөн чыгарылбай туруп, ага 2016-жылы Эрдоганга каршы мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланыштуу жаңы айып тагылган.

Осман Кавала бул айыптоону четке кагып, анын кылмыш жасаганын аныктаган эч бир далилдер жоктугун буга чейин соттук териштирүүдө билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG