Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Эрдоган Батышка сес көрсөттү


Евробиримдик кеңешинин төрагасы Шарль Мишель (C) жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен (сол жакта) Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды тосуп алган учур.
Евробиримдик кеңешинин төрагасы Шарль Мишель (C) жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен (сол жакта) Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды тосуп алган учур.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ишемби күнү АКШ баш болгон Батыштын 10 элчисин өлкөдөн чыгарууга буйрук бергенин жарыялады.

Анын мындай кадамына аталган 10 мамлекеттин элчилеринин ишкер жана филантроп Осман Каваланын ишин калыс карап, абактан бошотууга чакырган билдирүүсү себеп болду.

Эрдогандын каяшасы кайда алып барат?

НАТОнун мүчөсү катары Батыш өлкөлөрү менен бир аскердик союзда турган жана Евробиримдикке талапкер Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын бул билдирүүсү Анкаранын АКШ, Евробиримдик менен мамилесин кескин курчутуп, дипломатиялык чатакка алып келери айтылууда.

18-октябрда АКШ, Канада, Дания, Франция, Германия, Нидерланддар, Норвегия, Швеция, Финляндия жана Жаңы Зеландия абакта жаткан түрк ишкери жана филантроп Осман Каваланын ишин адилеттүү карап, анын боштондугун эртерээк чечүүгө чакырып, Түриянын Тышкы иштер министрлигине биргелешкен кайрылуу жолдогон.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги буга карата жооп кайтарып, аталган элчилерди чакыртып, биргелешкен билдирүү боюнча түшүндүрмө талап кылган. Анда Каваланын иши соттук иш экени жана ага кийлигишүүгө чет элдик дипломатиялык миссиялардын акысы жоктугу эскертилген.

Каваланын ишин калыс кароого чакырык таштаган биргелешкен кайрылуу түрк президенти Эрдогандын дагы ачуусун келтирди:

"Алар жатса дагы, турса дагы “Кавала, Кавала” деп ойгонушат. Кавала деген адам бул - "Соростун" түркиялык бөлүмү. Аны колдоп, Түркиянын Тышкы иштер министрлигине он элчи келип жатат. Бул эмне деген тарбиясыздык?" - деди Эрдоган.

Түркиядагы ири ишкер жана филантроп катары белгилүү Осман Каваланын ишин кароо 4 жылдан бери создугуп, чекит коюлбай келет. Андыктан Батыштын Анкарадагы элчиликтери буга чейин дагы аны абактан бошотууга үндөп, байма-бай кайрылууларды жасаган.

Элчилерди чыгаруу боюнча чукул көрсөтмө

Бирок бул жолу, өткөн ишембиде партиялаштары менен жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мындай кайрылууга байланыштуу чукул жооп кылып, Батыштын он элчисин өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алуу үчүн көрсөтмө бергенин жарыялады:

"Бир боорлорум, бул жер Түркия. Бул жер даңазалуу Түркия. Алар Түркиянын Тышкы иштер министрлигине келгенге батынып, бул жерде эмне кылыш керек экини боюнча көрсөтмө бере алышпайт. Ал эми мен керектүү көрсөтмөнү биздин тышкы иштер министрине берип, эмне кылуу керектигин айттым. Мына ошол 10 элчи токтоосуз түрдө “нон-грант персонасы” катары жарыяланууга тийиш. Сиздер муну тез арада териштириңиздер", - деди Эрдоган.

Осман Кавала. Түркиялык ири ишкер, филантроп жана укук коргоочу.
Осман Кавала. Түркиялык ири ишкер, филантроп жана укук коргоочу.

Түркиянын президентинин бул билдирүүсү жакында Римде боло турчу “Чоң жыйырманын” кезектеги жыйынынын алкагында анын АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусунун алдында жасалды.

Эгер анын буйругу ишке ашса, бул анын Батыш менен эң ири дипломатиялык келишпестигине алып келери айтылды.

Каваланын иши

Түркияда абакта отурган 64 жаштагы Осман Кавала “2013-жылы бийликке каршы акцияларды уюштурган” деп айыпталып, бирок былтыр 2020-жылы акталган болчу.

Бирок түрмөдөн чыгарылбай туруп, ага 2016-жылы Эрдоганга каршы мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланыштуу жаңы айып тагылган.

Осман Кавала бул айыптоону четке кагып, анын кылмыш жасаганын аныктаган эч бир далилдер жоктугун буга чейин соттук териштирүүдө билдирген.

Эгерде бул жолу сот аны айыптуу деп тапса, ал өмүр бою эркинен ажыратылат.

Ага мындай оор айып тагууну эл аралык адам укугун коргоо уюмдары да сынга алып, бул ишти саясатташтырылган деп жарыялашкан. Адам укугу боюнча Европа соту 2019-жылы Каваланын ишинде далилдер жоктугун негиздеп, аны бошотуу тууралуу чечим чыгарган.

Ал төрт жылдан бери түрмөдө отурат.

Укук коргоочулар бул кылмыш ишин Эрдогандын тушунда башкача ойлонгондорго каршы ойдон чыгарылып, токулган күрөштүн символу деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG