Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Эрдоган Түркиядан 10 өлкөнүн элчилерин чыгарууну буюрду


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыштын 10 мамлекетинин элчилерин өлкөдөн чыгаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине буйрук берди. Алардын ичинде АКШнын, Германиянын жана Франциянын дипломаттары дагы бар. Бул тууралуу Daily Sabah гезити жазды.

Элчилер буга чейин түрк бийлигин мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга шектелип кармалган филантроп Осман Каваланы эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

Стамбулдун прокуратурасы аны 2016-жылы июлда Түркияда көтөрүлүш уюштурууга аракет кылган деп айыптап, камакка алган.

Кавалага айып 2013-жылы Стамбулдагы массалык нааразылык акцияларынан кийин өкмөттү кулатууга аракет кылган деген кылмыш иши боюнча акталгандан кийин дароо тагылган. Буга чейин Каваланы бошотууга АКШнын, Германиянын, Франциянын, Нидерланддын, Канаданын, Жаңы Зеландиянын, Даниянын, Норвегиянын, Финляндиянын жана Швециянын элчиликтери чакырышкан.

Бейшембиде президент Эрдоган элчилердин "Анкарада туруп алып, акыл үйрөткөнгө укугу жок" деп билдирди.

Түркия - НАТОнун мүчөсү жана Евробиримдикке кирүүгө талапкер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG