Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Президенттин жыйыны: сын жана сунуш


Маалымат жыйыны учурунда тартылган сүрөт. 23-октябрь, 2021-жыл.
Маалымат жыйыны учурунда тартылган сүрөт. 23-октябрь, 2021-жыл.

Садыр Жапаров 23-октябрда журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрдү. Төрт саатка жакын созулган маалымат жыйынында 56 редакциянын журналисттеринин ар кыл багыттагы суроолоруна жооп берди.

Кыргызстанга президенттик башкаруу формасын киргизген Баш мыйзамды жазган Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Айдар Мамбеткадыров президенттин басма сөз жыйынында жабык тема болбогонун белгиледи.

"Президенттин сүйлөгөн сөзү маңыздуу болду. Бардык суроолорго качпай жооп берди. Козгоого болбогон тема болгон жок. Мен билгенден акыркы жылдары мындай маалымат жыйыны өткөн эмес. Мурдагы президенттер бул өкмөттүн иши, менин укугум жок деген сыяктуу шаблондорду көп колдончу эмес беле. Бул жолу президенттик башкаруу формасына өткөндүн далили катары Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы отурду. Бир-эки тапшырманы ошол жерден айтты. Мен президент "иштеп жатам", "иштегенге даярмын" деген белги берди ойлойм".

Ал эми саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин маалымат жыйыны учурунда берилген суроолордун көбүнө купулу толгон эмес.

"Суроолор майда болуп калды. Президентке Финансы министрлиги чече турган суроолорду берип жатпайбы. "Тиги жол качан бүтөт, кустуруу эмне болду, бул акча каякка кетти?" деп атышпайбы. Президенттин деңгээлиндеги философиялык суроолор берилген жок. Оңой эле жооп берип жатты, кыйын суроо берилдиби?".

Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев президенттин басма сөз жыйынындагы сөзү негизинен карапайым элге багытталып, көп маселе боюнча деталдуу маалымат айтылбай калды деп эсептейт.

"Деталы жок, өтө жалпак, жылма сөз менен жооп берип жаткандай болду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге окшоп, ачууга алдырып, тилдеген жок. Бирок маанилүү маселелердин эмнеге маанилүү экенин, алардын баалуулугу эмнеден турарын баса белгилеп айта кетсе болмок. Сөз эркиндиги тууралуу журналисттерге куугунтук болбой турганын айтты, бирок эмнеге куугунтук болбош керек деген сыяктуу бекемдөөчү сөздөр жетишпей жатты. Бул президенттин сөзүндө маанилүү нерсе. Өзгөчө командасы дагы ошол жерде отурду. Ошондуктан мындан дагы маңыздуу маалымат жыйынын өткөрсө дагы болмок.

Ал эми саясий серепчи Айданбек Акматов президенттин басма сөз жыйынында бир жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтканы бийлик башындагылар башка реалдуулукта жашап жатканын көргөздү деген пикирде.

"Өздөрүнүн кыялында асманда учуп жүргөндөй элес калтырды. Ал эми реалдуулук кандай? Кымбатчылык, суук түшкөндөн бери көмүр издеген адамдар. Токтогул суу сактагычындагы абалды көрүп жатасыңар. Мамлекеттик көз караштын жоктугунан эч кандай келишим жок эле сууну агызып салган. Муну өздөрү дагы мойнуна алышты. Сууну агызгандан кийин ордуна электр энергиясын, газ алуу маселесин чечиш керек эле. Коомдук транспорттун тартыштыгы бардык аймактарда байкала баштады. Элдин жашоосу такыр башка, ал эми булардын айтканы такыр башка болду".

Президент Садыр Жапаров былтыр октябрь окуяларынан кийин бийликке келген. Ал буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG