Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Энергетикалык кризис. Көмүрдүн баасы асмандады


Кара-Кече көмүр кени. 18-октябрь, 2021-жыл.
Кара-Кече көмүр кени. 18-октябрь, 2021-жыл.

Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 18,8% кымбаттады.

Көмүрдүн бир тоннасы Ноокат шаарында дээрлик 9500 сомдон, Баткенде 9000 сомдон сатылып жатат. Күн сууктап кыш жакындаган сайын баалар да улам-улам жогорулап баратат.

Бишкекте көмүр тартыш

Быйыл кургакчылыктын айынан Токтогул суу сактагычына суу аз топтолуп, Кыргызстан коңшулары Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан буга чейинки жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк электр энергиясын сатып алып жатат.

Өлкөдө энергетикалык объектилердин 60-70% эскилиги жетип, бул тармактын карызы 130 миллиард сомдон ашты. Бийлик болсо энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып чыгабыз деп план койду.

Какаганга муштаган болуп, быйыл көмүрдүн да баасы асмандап, суук түшкөн сайын кара отундун тартыштыгы байкалып жатат. Бишкек шаарынын тургуну Майрамбек Алышпаев борбордогу Гагарин көчөсүндө жайгашкан көмүр саткан жерлердин бирине келип көмүр таппай кетти.

“Кышка даярдык начар. Көмүр жок. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом экен. Кара-Кеченин тандалган көмүрүнүн бир кабы 400 сомго чыгыптыр. Жыл сайын бир тонна көмүрдү 3500-3800 сомдон алчубуз. Быйыл андай болбой атпайбы. Мурдагы жылдары бул жерге көмүр толуп калчу эле азыр эч жерде жок. Келбейт окшойт. Көмүр болсо гана, 4000 сомдон ашса деле алмакпыз”.

Бишкектин Гагарин көчөсүндө жайгашкан көмүр саткан жер. 22-октябрь, 2021-жыл.
Бишкектин Гагарин көчөсүндө жайгашкан көмүр саткан жер. 22-октябрь, 2021-жыл.

Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндөгү катар-катар жайгашкан көмүр саткан үч-төрт жерде аз-аздан эле көмүр турат. Бирин-серин алармандар келип мүшөктөп алып кеткени болбосо, тонналап сатчу көмүр деле көрүнбөйт. Сатуучулардын бири Аскат баа тууралуу буларды айтып берди.

“Бир тонна көмүр 4500-4600 сомдон келип атат. Былтыр 3500-3600 сомдон сатып алчубуз. Биз болсо бир кап көмүрдү 250 сомдон сатабыз. Тандалып алынган чоң-чоңдору 400 сом. Кичинекей мейизи 120 сомдон. Шабыркүлдүкү бир мүшөгү 280 сомдон сатылат. Ал Кара-Кеченикиндей болуп эленип тазаланбайт, чогуу эле салынат. Анан Кара-Кечеде карьерди кыш келип калганда тазалаганы үчүн бир КамАЗ көмүрдүн жарымы күл эле болуп калып жатат”.

Бишкек мэриясы буга чейин шаарда алты отун база жана жети стационардык пункт ачылганын билдирген. Кошумча дагы 35тей стационардык пункттар түзүлөрү кабарланган.

Көмүр менен камсыздоо иши артта калганын президент Садыр Жапаров да моюнга алды. Ал 21-октябрда Бишкекте мамлекеттик жетекчилердин республикалык кеңешмесинде буга байланыштуу айрым сандарды мисалга тартты.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“2021-жылдын 1-октябрына карата бюджеттик мекемелерде 89,4 миң тонна көмүр топтолуп пландын 83% эле түздү. Калкты өз убагында тиешелүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо максатында республика боюнча 644 отун базасы жана көмүр сатуучу пункттар ачылып, алардын айрымдарынын даярдыгы өтө төмөн! Атап айтсам, Кара-Кече көмүр кенине эң жакын жайгашкан Нарын облусунда калктын көмүр менен камсыздалышы болгону 50% түзсө, ал эми Бишкек шаарынын калкы 60% гана камсыздалды. Ошол эле учурда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жана башка көмүр казуучу ишканалар жай мезгилинде жер кыртышын тазалоо иштерин ар кандай себептер менен жүргүзбөй, суук түшкөндө көмүр казууну башташат. Мен муну тармактык министрликтин, айрым бюджеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин шалаакылыгы, чоң кемчилиги деп эсептейм!”.

Өкмөт койгон баа

Президент Энергетика министрлигинен, президенттин облустардагы өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынан бюджеттик мекемелерди, элди көмүр менен камсыздап, анын баасын да көзөмөлдөөнү тапшырды.

Министрлер кабинети 11-октябрда көмүрдүн баасы боюнча убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чарасын киргизген. Убактылуу чара 90 күн уланат жана баанын эң жогорку чеги белгиленет.

Анын жыйынтыгында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аймактарда көмүргө болгон бааны бекиткен. Ага ылайык, Бишкекте бир тонна көмүр 4400-4500 сомдон, Ошто 5000-6000, Жалал-Абад облусунда 4000-6500, Нарында 2400 сомдон баштап эң кымбаты 4700 сомго чейин, Ысык-Көлдө 4100-6900, Таласта 5100-6500, Баткенде 6000 сомдон баштап эң кымбаты 8700 сомго чейин сатылышы керек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев 20-октябрда парламентте өкмөттүн кышка даярдыгы тууралуу маалымат берип жатып көмүр өлкөнүн түштүк аймагында кымбат сатылып жатканын айткан.

“Ачык айтышыбыз керек. Кара-Кече кенинде жер кыртышы кеч тазаланып 1-октябрдан баштап көмүр тарта баштадык. Күнүгө 300-400 жүк ташуучу машиналар Бишкек ЖЭБине, аймактарга, социалдык мекемелерге көмүр жеткирип жатат. Баасында да маселе бар”.

Бишкектин Гагарин көчөсүндө жайгашкан көмүр саткан жер. 22-октябрь, 2021-жыл.
Бишкектин Гагарин көчөсүндө жайгашкан көмүр саткан жер. 22-октябрь, 2021-жыл.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда быйыл 21-октябрга карата көмүрдүн бир тоннасы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу орто эсеп менен 832 сомго же 18,8% кымбаттады.

Эң арзан көмүр Кара-Кечеде жайгашкан Чаек айылында – бир тоннасы 3000 сом. Эң кымбат көмүр Оштун Ноокат шаарында – тоннасы 9486 сомдон, Баткенде 8937 сомдон сатылып жатат.

Көмүрдүн баасы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербенде 3651 сомго же эки эседен ашык, Баткенде тоннасы 2299 сомго же 34,6% жана Жалал-Абад шаарында тоннасы 1 875 сомго же 39,4% жогорулады.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өткөн жылга салыштырмалуу көмүргө дүң баалар өзгөртүлбөгөнүн, ал 1250 сомдон 1350 сомго чейин деп белгиленгенин билдирди. Бул баалар тууралуу көмүр өндүргөн 21 компанияга маалымат берилген.

Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

Жоопкерчилик кимде?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-октябрда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып көмүр жана кышка даярдык иштери тууралуу комментарий берди.

“Мен Кара-Кечеге барып келдим. Ал жерге жаңы жетекчи келип, “Альфа” бөлүмүнүн кызматкерлери барып иш кичине ордунан жылыптыр. Эмдиги жылдан баштап биз бул иштерди жазында, жайында жасайбыз. Быйыл кичине кечигип калдык. Бирок көмүр бар. Азыр эми элге Казакстандан да көмүр тарта баштайбыз”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков кышка даярдык иштерин убагында аткарбаган адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде.

Эсенгул Исаков.
Эсенгул Исаков.

“Президент кеңешмеде болгон маселени айтып ачык сөз болду. Эми ал сөз бойдон калбаш керек. Кышка убагында даярдык көрүлбөй калганы – бул элдин кышындагы коопсуздугу деген маселе. Суукта кыйынчылык болот, элдин нааразычылыгы күчөйт. Эми эмне үчүн жайында көмүр ташылган жок, көмүр кендеринде жер кыртышы эмнеге убагында тазаланган эмес ишканалардын менчик түрүнө карабастан жетекчилер жооп бериши керек. Себеби, көмүр да элдин байлыгы. Аны элге убагында жеткирип бербесе болбойт. Калк да аны бекер сурап аткан жери жок, сатып алат. Анан кыш келгенде “даярдык болбой калды, ушундай болуп калды” деп кутулуп кеткен туура эмес. Мен көмүр саткандар суук түшкүчө көмүр ташыбай кармап отуруп анан кыш келгенде алып келип бааны жасалма көтөрүп жатат деп ойлойм. Ошондуктан мунун баарын иликтеш керек”.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 миллиондон ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 миллион тоннадан ашуун, Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 1,5 миллион тоннадан ашык көмүр сарпталат. Ушул кезге чейин 500 миң тоннадай эле даяр болгон. 20-октябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн кышка даярдыгы талкууланган жыйында буга Кара-Кечедеги талаш-тартыштар себеп болгону айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG