Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:17

Түркия: төңкөрүш аракетине беш жыл болду


Стамбул шаары, Түркия.

Түркияда беш жыл мурда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин курмандыктары эскерилип жатат. Андагы кагылышууларда 251 киши каза болуп, эки миңден ашык киши жараат алган.

15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнү

2016-жылы 16-июлга караган түнү Түркияда аскерлер танктарды, аскердик учактарды жана тик учактарды колдонуп, төңкөрүш жасоого аракет кылганын президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги билдирген. Кагылышуулар Түркиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Стамбул менен Анкарада да болгон.

Жыл сайын бул күн Демократия жана улуттук биримдик күнү катары белгиленип, төңкөрүш аракетинде каза болгондорго багышталып куран окулат.

Төңкөрүш аракетине шектелген жоокерлерди Түркиянын Анкара шаарындагы соттук отурумга алып келген учур. 1-август, 2017-жыл.
Төңкөрүш аракетине шектелген жоокерлерди Түркиянын Анкара шаарындагы соттук отурумга алып келген учур. 1-август, 2017-жыл.

Расмий Анкара бийликти кулатуу аракетинин артында АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлен турган деп айыптап келет. Гүлен мындай айыпты четке кагып, бул окуяларга тиешеси жоктугун билдирген. Төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.

Ал окуядан бери түрк бийлиги Гүлен менен байланышы бар деген шек менен он миңдеген адамдарды, алардын арасында жайкын тургундарды, журналисттерди, мугалимдерди кармады. Ушундай эле кине менен он миңдеген адам иштен алынды.

Өзбекстандан Түркияга алып келинген Гүрбүз Севилайдын соту

Шейшембиде Түркиянын Анкара шаардык прокуратурасы быйыл февралда атайын операция менен Өзбекстандан Түркияга алып келинген, Гүлендин "Хизмет" деп аталган кыймылынын Борбор Азиядагы эң таасирдүү мүчөсү катары шектелген Гүрбүз Севилайдын соту болду.

Ага прокурор "Ирак жана Сириядагы террордук уюмдарды ок-дары, ракеталар, өзү учкан аппараттар жана радар системалары менен камсыз кылууга катышкан" деген айып таккан. Муну менен катар, түрк бийлиги Севилайды Борбор Азиядагы террордук уюмдун эң жооптуу кишилеринин бири катары финансылык каржылоону жүргүзгөн деп айыптады.

Соттук отурумга алынып бараткан шектүүлөр. 1-август, 2016-жыл.
Соттук отурумга алынып бараткан шектүүлөр. 1-август, 2016-жыл.

Гүрбүз Севилай убактылуу тергөө абагынан видео байланыш аркылуу сотко катышты. Ал түрк бийлигинин айыптоосун четке кагып, ага конкреттүү далилдер жок экенин билдирди. Гүлендин кыймылынын мүчөлөрү менен байланышы болбосо да, тергөөдө алар жөнүндө билгенинин бардыгын айтып бергенин айтты.

Кийин сот отурумунда күбө катары Жейхан аттуу жигит көрсөтмө берген. Ал сотто Севилай менен 2017-жылы таанышканын, ал өзүн "Гази" деп тааныштырганын билдирген.

"Гүрбүз Севилай менин кеңсеме келип, мага жумуш сунуштады. Ал колундагы кутунун коопсуздугун камсыз кылышымды өтүндү. Мен анын мамлекеттик кызматкер экенин билчимүн, ижарага батир бердим. Үч кутучаны менин автоунаама салды да, "үйүңө алып барып тур" деди. Кийин полиция кызматкерлери үйдү тинтүүгө алышканда, кичинекей кутулардан 17 килограмм алтын жана кокаин табылган. Мени полиция "маңзаттарды сатуу" беренеси менен камакка алды".

Севилай болсо бул "күбөнү тааныбайм жана анын айткандары чындыкка дал келбейт" деп жооп берди.

"Күбө айтып жаткан күндөрү мен чет өлкөдө болчумун. Мен аны биринчи жолу көрүп жатам. Анын айткандарын кабыл албайм", - деди.

Көрсөтмөлөрдөн кийин сот убактылуу чечимин жарыялап, айыпталуучу Севилайды камакта калтырды, сот отуруму кийинкиге жылды.

Айыптоо корутундусуна ылайык, Гүрбүз Севилай Түркиянын атайын кызматынын операциясы менен 15-февралда Өзбекстандан Түркияга алып келинген.

Ошондой эле, корутундуда Севилай Өзбекстанда каржылык жардам көрсөткөнү, мамлекеттик мекемелерге өз кишилерин киргизип, Өзбекстанда мыйзамсыз тендер өткөрүп, акча тапканы жана Кыргызстан менен Украинада менчик компанияларды ачканы жазылган. Прокурор аны "террордук уюмга курал сатуу жана жеткирүү" беренеси боюнча 30 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.

Гүрбүз Севилай коргоо өнөр-жайы тармагында иш алып барган, 2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин мамлекеттик кызматынан бошотулган.

Өзбекстан менен кызматташкан түрк бийлиги

1999-жылы Ташкентте болгон жардыруулардан көп узабай бир канча адам камалган. Ал жардырууларды бийлик ошол кездеги президент Ислам Каримовго кол салуу деп сыпаттаган болчу. Ошондой эле, өзбек бийлиги бул жардырууларга тиешеси бар деген жүйө менен 2000-жылы Гүлендин кыймылына таандык бардык мектептерди жана "Заман Өзбекстан" гезитин жаап салган. Түркиялык жарандарды өлкөдөн чыгарган. 2010-жылы ушундай эле шек менен 57 ишкер камакка алынган.

Режеп Тайып Эрдоган жана Шавкат Мирзиёев. 2018-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган жана Шавкат Мирзиёев. 2018-жыл.

Анткен менен Анкара-Ташкент мамилеси 1993-жылдан тарта начарлай баштаган. Буга Өзбекстандын оппозициячыл лидери Мухаммед Салихтин Түркиядан баш калка алганы себеп болгон.

Серепчилер бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери эки өлкөнүн экономикалык жана саясий байланышы менен катар, Гүлен кыймылына каршы күрөштө да кызматташтык күчөгөнүн белгилеп келишет.

Орхан Инандынын иши

2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда 100 миңдеген киши “гүленчи” деп айыпталып түрмөлөргө түшкөн. Расмий Анкара 100дөн ашуун өлкөгө "Гүлен" жамаатынын мүчөлөрүн өткөрүп берүү талабын койгон. Буга чейин түрк атайын кызматы – MIT (Milli Istihbarat Teşkilatı) Косово, Швейцария, Украина, Молдова, Казакстан, Пакистан, Азербайжан, Малайзия, Мьянма жана Габондон бир нече кишини күчтөп чыгарып кеткен.

2021-жылы 5-июлда президент Режеп Тайып Эрдоган элге кайрылуусунда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин жарыялаган. Инанды Бишкекте 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз "Азаттыкка" берген маегинде аны Бишкектен "кыргыз улутундагы үч адам уурдаганын", эртеси күнү Түркияга алып келишкенин маалымдаган. Инандыны Анкара шаардык прокуратурасы "куралдуу террордук уюмду башкарган" деген айып менен камакка алганы кабарланды.

2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүш аракети үчүн Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн түрк өкмөтү бозгундагы диниятчынын өткөрүлүп берилишин АКШдан талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG