Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Түркияда чет өлкөлүк кримтөбөлдөр депортацияланды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Өткөн аптада Стамбул полициясынын Терроризмге каршы башкармалыгы жана Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму тыңчылыкка жана уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө шектелген ондогон чет өлкөлүк жаран кармалганын кабарлаган. Алардын арасында орусиялык, ооганстандык жарандар бар экени айтылууда.

10-октябрда Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму тыңчылыкка шектелген алты чет өлкөлүк жаранды кармаганын билдирди. Habertürk басылмасы жазгандай, кармоо операциясы Анталияда жана Стамбулда өткөрүлдү. Шектүүлөрдөн үч тапанча алынган. Алардын биринде үн басуучу жана лазердик конструктор жана башка курал-жарактар үчүн ок-дары болгон. "Колго түшкөндөр куралдуу чабуул уюштурууну көздөшкөн" деп болжоп жатышат.

Түркиядагы чечен диаспорасынын өкүлдөрү кармалгандардын арасында бир орусиялык бар экенин ырасташат. Бул тууралуу оппозициячыл блогер Хасан Халитов Телеграм каналында айтып чыкты.

"Анын ысымы Беслан, "Изнаур" деген каймана аты бар. Биз Телеграм каналда ал жөнүндө жакында эле жазганбыз. Мени Беслан менен Грузияда киши өлтүрүүнү пландап камакка алынган Васанбек Боков тааныштырган",- дейт блогер.

Ал ошондой эле Беслан өзү жөнүндө маалымат үчүн акча сунуштаганын жана чечен бийлиги менен байланышы бар экенин ырастайт. Бул маалыматты Стамбулдагы чечен диаспорасы менен байланышкан "Кавказ Реалии" сайты да тастыктады. Азырынча Түркиянын укук коргоо органдары расмий комментарий тарата элек.

Блогер Халитов анын башы үчүн үч жүз миң доллар убада кылынганын айтат. Мындан улам блогер түрк полициясы менен кызматташууга жана көрсөтмө берүүгө даяр экенин кошумчалады. Ал көп жылдан бери Түркияда жашап, чечен лидери Рамзан Кадыровду кандуу согушту уюштурган деп айыптап келет.

Ошол эле күнү түрк полициясы уюшкан кылмуштуу топтун лидери, ооганстандык Сангер Ахмадини Стамбулда жашаган мейманканасынан кармап кетип, камакка алды. Андан бир канча күн мурун түрк журналист Фатих Алтайлы, Ооганстандан Түркияга мыйзамсыз кирген качкындардын арасында мафия лидери Ахмадинин сүрөттөрүн жарыялап, алардын "шаңдуу" жашоосу тууралуу кыйыткан эле.

"Булар Түркияга баш калкалаган качкындар имиш. Кечинде Босфор кысыгында ичимдик ичип, эртең менен намаз окуп сүрөт коюшат. Булар Европада террорист делген, ооган мафиясы. Ал жактан депортацияланган. Эми Түркияга кирип алышып, бул жакта да уюшкан кылмыштуу топ түзөрүндө күмөн жок",- деп эскертекен түркиялык журналист макаласында.

Сангер Ахмады бир канча ай мурун Германиядан депортацияланып, кийин Түркияга мыйзамсыз киргени аныкталды. Ага түрк полициясы "курал жарак жана маңзат сатуу" беренелери боюнча айып тагып, суракка алынганы кабарланды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Эске сала кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жакында эле өлкөдө 300 миңге жакын ооган качкыны расмий катталганын билдирген.

Жогорудагы камоолордон кийин соцтармактарда Түркияда "чардаган" чет өлкөлүк "мыйзамдуу уурулардын" жашоосу талкууга түшкөн. Айрым түрк блогерлер өзгөчө грузин, уйгур, өзбек жана казак улутундагы кримтөбөлдөрдүн Түркиядагы байлыктары, ишмердүүлүктөрүн сындашкан.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги быйыл майда, уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрүн депортациялаганын ачык-айкын жар салган.

"Атайын операциянын негизинде айрым уюшкан топтун мүчөлөрү, алсак сербиялык Йован Вукотич, болгариялык Димитар Желязков жана грузиялык Минида Лавасогли депортацияланды",- деп жазылат расмий билдирүүдө.

Түркияда окко учкан, "Лоту Гули" каймана аты менен таанымал Надир Салифов.
Түркияда окко учкан, "Лоту Гули" каймана аты менен таанымал Надир Салифов.

Ал эми былтыр "Лоту Гули" деген каймана ат менен таанылган Надир Салифовдун өлтүрүлүшү тууралуу кабар тараган.

47 жаштагы Салифов Азербайжан менен Орусиянын кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири катары таанымал болгон. Аны 19-август күнү кечинде Түркияда атып кетишкен.

Окуя 19-августка караган түнү Анталиянын Богазкент районундагы мейманкананын ресторанында болгон. Салифовдун жан сакчысы Кайн Зейралов күтүлбөгөн жерден туруп эле бир дасторкондо отурган жеринен Салифовго ок аткан. Оор жарадар болгон Салифов ооруканага жетип көз жумган. Окуядан кийин 25 жаштагы жансакчы Анталиядан Денизли шаарына машинеси менен качып бараткан жеринен полиция кармаган эле.

Муну менен катар өткөн айда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келе жаткан түркмөн активистти Дурсолтан Таганова Стамбулдагы депортация борборунда кармалып турганы кабарланды.

Ал кийин "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына берген маегинде, бошотулганын бирок чоң эскертүү алганын айтып берди.

Дурсолтан Таганова
Дурсолтан Таганова

"Буга чейин мени Миграция кызматы чакырып, эскертүү беришкен. “Түркия менен Түркмөнстандын алакасы солгун, ошондуктан нааразылык акцияларын жана митингдерди токтотушуңар керек" дешти. Ал эми мен суракта "биз жөн гана өз пикирибизди мекендештерибизге түз эфирде айтып жатабыз" дедим. Эми мага да чоң эскертүү берилип, митингдерге тыюу салышты", - дейт түркмөнстандык активист.

2020-жылдын июль айында Дурсолтан Таганова баштаган ондогон түркмөндөр Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун алдында президент Гурбангулы Бердымухамедовду сындаган акция өткөрүшкөн.

Түрк полициясы анда Таганова менен кошо дагы бир нече адамды кармаган. Кармалгандардын көбү бир нече сааттан кийин эле бошотулган. Бирок Таганова ошол жылдын октябрь айында гана бир нече укук коргоо уюмдарынын Түркиянын бийлигине кайрылуусунан кийин эркиндикке чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG