Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Сирияда автомат көтөргөн Айшанын баяны


Сириядагы куралдуу кагылыштардан качкан аял.
Сириядагы куралдуу кагылыштардан качкан аял.

"Жусан" операциясынын негизинде Сириядан Казакстанга алып келинип, беш жылга кесилген жаш келин жакында мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыкты.

Ал колуна автомат кармап, асманга ок аткан видео тасмасы интернетке чыкканы үчүн терроризмди үгүттөгөн деп соттолгон. Сириядан кайткан аялдардын арасында ал жакта күйөөсү өлгөндөн кийин 5-6 жолу нике кыйдыргандар да бар экени белгилүү болгон.

Адашкан келинге берилген ырайым

Умм Айша деп аты өзгөртүлгөн 32 жаштагы келин жакында эле Казакстандын Петропавловскидеги аялдардын түзөтүү колониясынан мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыкты. Психолог менен теологдордун тесттеринен өткөндөн кийин ага мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк берилген.

Сириядан мекенине кайткандарды "адашкандар" деп атаган “Ак ниет” корунун жетекчиси Алим Шауметов коом аларга кечиримдүү мамиле кылышы керек деген пикирде.

“Мен өзүм алар менен иш алып барган кызмат адамдарына дагы айттым. Биздин аталган жарандар ал жактан өз ыктыяры менен кайтып келишти. Элибиз, Эл басы аларга кечирим берди. Силер дагы кечиримдүү болгула. Аларга адамгерчилик менен мамиле кылгыла. “Сирияга кеткенсиңер, 5-6 жыл террористтер менен жүрдүңөр, элиңерди саттыңар” деп күнөөлөп, чүнчүтпөшүбүз керектигин айттым”.

“Азаттыктын” казак кызматы жарыялаган “Экинчи мүмкүнчүлүк” деген даректүү тасмада Ирак менен Сириядан кайтарылган аялдардын оор тагдырлары, ал жакка кантип барып калган таржымалы чагылдырылган.

“Жусан” операциясынын негизинде мекенине кайтарылган кыз-келиндердин айрымдарына гана экстремисттик иштер боюнча кылмыш иши козголуп, соттолсо, алардын көпчүлүгү реабилитациялык борборлордон өткөнү көрсөтүлгөн.

Өзүн Фарида деп тааныштырган жаш келин реабилитациялык борбор алардын радикалдык көз карашын өзгөртүп, аң-сезимин оңдоого жардам бергенин белгиледи.

“Бизди учактан түшүрүп эле, андан ары “Фламинго” деген реабилитациялык борборго алып барышты. Ал жактан биринчи келгенде “жапайыдай” эле болуп, бир кызыктай абалда элек. Эркек кишини көрсөк, ал бир нерсе жасап жиберчүдөй коркуп турчубуз. Бул жакка алып келип, бардыгын көрсөтүп, тамак-аш, кийим-кече беришти. Казакстанга келгенде бизге карата жылуу мамилени сездик. Биз менен психолог, врачтар, атайын адистер иштешти. Анан үйлөрүбүзгө кадимки адамдардай бардык. Туугандарыбыз “бир топ эле өзгөрүп кетсе керек” деген ойдо болушкан экен. Алар “мурдагы эле Фаридасың го, эч нерсең деле өзгөрбөптүр” деп сурап жатышты. Реабилитациялык борбор аябай жардам берди. Ал жактан бир топ көзүбүз ачылып, бир кыйла оңолдук. Эгерде учактан түшүп эле үйгө барганыбызда, анда бизди чынында эле “жапайы” деп айтышмак”, - деди Фарида аттуу айым.

Сирияга Борбор Азиядан барган аялдар менен жаш балдар. 29-май, 2019-жыл.
Сирияга Борбор Азиядан барган аялдар менен жаш балдар. 29-май, 2019-жыл.

Умм Айша 2014-жылы жайында сиңдисин ээрчитип Сирияга кеткен. Ал беш жылдан кийин Сириядагы өкмөттүк күчтөргө каршы козголгон көтөрүлүшчүлөрдүн жана “Ислам мамлекети” террористтик тобунун ортосундагы үч тараптуу согуштун азап-тозогун баштан кечирген. Ар кайсы коопсуз аймактарга качып өтүп, баштан кечирген оор учурларды баяндап берген.

Айшага тагылган айыптоо: автомат көтөргөн аялдын тасмасы

Умм Айша беш жылдан кийин “Жусан” операциясынын негизинде эки кызы менен Сириянын Ракка шаарынан Казакстанга алынып келген. Бирок Айша терроризмге шек саналып, Актөбөдөгү тергөө абагына камалган. Актөбө шаардык соту аны 2019-жылы 26-июнда диний ажырымды козутууга жана террорчулукка үгүттөөгө айыптуу деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Сотто анын колуна автомат кармап, асманга ок чыгарып, Сириядагы согушка чакырганы тартылган видео тасмасы далил катары келтирилген. Ал Сирияга адашып барганын айтып, күнөөсүн моюнуна алып, соттун чыгарган өкүмүнө макул болгон.

Умм Айша Сирияда турмушка чыгып, экинчи кызын төрөгөн. Күйөөсү аны жанкечти болууга үндөгөнүн, бирок ал андан баш тартканын соттук териштирүүдө да айтып берген.

“Мен ал жакка жайлуу турмуш издеп бардым. Адашканым ырас. Бирок, өзүмдү террористтик уюмга мүчө болдум деп эсептебейм. Сирияда төрөлгөн кызымдын атасы Кавказдан барган Орусиянын жараны болчу. Ал мени "экөөбүз тең бирдей шейит бололу" деп үгүттөдү. Макул болгон жокмун. Эгерде мен "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун идеясына берилген адам болсом, ошол кезде эле күйөөмдүн айтканына көнүп, ага каршы чыкпайт болчумун”, – дейт Умм Айша.

Петропавловскидеги аялдар колониясында Умм Айша жана ага окшогон башка келиндер менен психологдор жана теологдор иш алып барды. Ал 2020-жылы диний экстремизмди колдогондордун тизмесинен чыгарылган. Бир нече ирет колонияда полиграфтан тест тапшырып, 2021-жылы август айынын башында сынактан ийгиликтүү өтүп, сотко мөөнөтүнөн мурун бошотууга өтүнүч берүү укугуна ээ болду.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы менен баарлашкан Умм Айша бир нече ирет турмушка чыкканын айтып берди. Сирияда күйөөсү каза тапканда ага башка бир адамга да нике кыйылган.

Сирия.
Сирия.

Эже-сиңдинин Сирия сапары: айрылыш жол

Колуна балдарын көтөргөн эже-сиңди алгач 2014-жылы Түркияга барып, анан тосуп алган адам аларды Сирияга өткөрүп, согушкерлердин катарында жүргөн чечен жана дагестан улутундагы эки жигитке турмушка чыгышканы баяндалган.

Бирок бир канча айдан соң Умм Айша Ракка шаарында калып, ал эми сиңдиси Манбиджге кетип, ошол бойдон көрүшпөй калган. Айшанын сиңдиси Сириядан кайтарылган аялдардын арасында болгон эмес. Анын өлүү же тирүүсү билинбей, дайын-дарексиз кеткени Айшанын жана картайган апасынын күйүтүнө айланды. Алар дайынсыз кеткен кызын Ирактын түрмөлөрүндө кармалып турган аялдардын арасында болушу мүмкүн деп болжошкону менен ал жактан издеп, кабар алууга чамалары чак.

Жакында эле мөөнөтүнөн мурда бошотулган Умм Айша Петропавловскидеги абак жайынан чыгып, Актөбөгө кайтарда дагы бир жолу турмушка чыкты. Бул анын эсеби боюнча жетинчи никеси.

Умм Айша учурда тикмечиликке үйрөнүп, өзүнүн тигүү цехин ачууну ниет кылууда.

2019-2020-жылдары “Жусан” операциясынын алкагында Ирактан жана Сириядан Казакстанга 607 жаран кайтарылган. Алардын төрт жүздөн ашууну балдар.

"Азаттыктын" архиви: Сирияга кеткен үй-бүлөсүн күтүп жүрүп каза тапкан кыргызстандык

Сирияга кеткен үй-бүлөсүн күтүп жүрүп үзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:30 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG