Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

«Сириядан кайткандарды мокочо көрсөтпөйлү»


Икбалжан Мирсаитов.
Икбалжан Мирсаитов.

Адистер Сириядан жана Ирактан мекенине кайткандарды медиада чагылдырууда аяр мамиле кылууга чакырып жатышат.

Жакынкы Чыгыштагы согуш тутанган аймактарда жүрүп, мекенине кайтарылып жаткан жарандар жөнүндө макала-баян даярдаган журналисттер алардын андан аркы тагдырын чечип коюшу мүмкүн.

Медиа-эксперттер ушундай пикирин айтып, журналистикадагы «Зыян келтирбе» деген принциптен тайып кетпеш керек экенин белгилешүүдө. «Интерньюс» жана ЮНИСЕФ уюмдары журналисттерди атайын окуудан да өткөрө баштады.

Кыргыз өкмөтү Ирактын согуш аймактарындагы лагерлерде жүргөн кыргызстандык балдарды, аялдарды алып келүүгө камынууда. Сирия менен да ушул багытта сүйлөшүү жүрүп жатат. Мамлекеттин өз жарандарын эвакуация кылуу жараяны 2019-жылдын сентябрынан тартып ишке ашары кабарланган.

Бирок так ишке аша турган күнү анык эмес. Расмий маалыматтарда Ирак жана Сирияга кетип калган кыргызстандыктар 800дөн көп экени, анын жүздөн ашууну аялдар жана балдар экени кабарланган.

Бул темада «Интерньюс» уюмунун Борбор Азиядагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча кеңешчиси, саясий илимдердин кандидаты Икбалжан Мирсаитов пикирлерин, сунуштарын бөлүшөт.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан жарандарын - негизинен аялдар менен балдарды алып келди. Мирсаитов алардын мекенге кайтуу жараянын чагылдырууда журналисттер кандай каталарга жол бергенин, кыргыз медиасы эмнеге көңүл бурушу керек экенин айтты:

Кыргызстан деле «Согуш тутанган аймактардагы өз жарандарын эвакуация кылуу» дегенди колдонгону туура. Себеби алар жарандыктан чыккан жок. Ал эми мекенине кайра келгендерди кайсы бир термин менен атоо туура эмес. «Кайрылман» деген такыр туура келбейт.


«Бул жерде журналисттердин ролу өтө маанилүү! Алгачкы көңүл бура турган жагдай – жараянды эмне деп атайбыз? Көп учурда «репатриация» деп коюшат. Мааниси «мекенге кайра келүү». Казак өкмөтү ал терминди колдонбоду. Президенттин басма сөз кызматы аларды «Согуш жүрүп жаткан аймактардан казак жарандарын алып келүү» деп жазды. Ошондой эле «Жусан операциясы» деген термин колдонулду. Өзбекстанда болсо «Мээрим гуманитардык миссиясы» деп, Тажикстанда «Гуманитардык миссия» деп аташты. Кыргызстан деле «Согуш тутанган аймактардагы өз жарандарын эвакуация кылуу» дегенди колдонгону туура. Себеби алар жарандыктан чыккан жок.

Ал эми мекенине кайра келгендерди кайсы бир термин менен атоо туура эмес. «Кайрылман» деген такыр туура келбейт. Алар биздин мекендештер жана алар өз мекенине кайтып келишти. Реабилитациядан өтүп, коомго аралашып, кадыресе жашоого кайтышы керек. Негизги миссия – ушул.

Чагылдыруу маселесине келсек, өзбекстандык, тажикстандык аялдардын, балдардын келген учурун журналисттер жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары сүрөткө, видеого тартып, аны медиада кеңири жайылтышты. Жок дегенде балдардын бетин жаап коюшкан жок. Балдар гана эмес, аялдардын да бети-көзүн жаап көрсөтүш керек болчу. Бул журналисттик кесиптеги катачылык болду. Анткени ал аялдарды эртең башкалар сөөмөйү менен көрсөтүп, «сен террорчуларга кошулуп келгенсин» деп басмырлашы мүмкүн.

Балдарга да ушундай мамиле болушу толук ыктымал. Адистердин сунуштарынан кийин гана сүрөттөгүлөрдүн бети-көзүн жаап чыгара башташты. Бирок ага чейин канчалаган фото-видеолор тарап кетти?

Учактан түшүп, мекендин топурагын өпкөн аялды, туугандары кучактап турган балдарды сүрөткө тартып алуу - журналисттин ишине пайда. Аябай мыкты кадр болуп, алкоого татыйт. Бирок кадрдагы адамдардын андан аркы тагдыры эмне болот? «Сен Сириядан келгенсиң!», «Сен Ирактан келгенсиң!» – деген кодулоо болушу мүмкүн экенин эч ким ойлогон жок. Кодулоого кабылган адам кайра депрессия болуп, реабилитациялык иштер пайдасыз болуп калат. Журналистикадагы «зыян келтирбе!» деген принцип мындай учурда унутулуп калбашы керек».

Бирок журналист андай учурларды чагылдырбай коюшу да мүмкүн эмес. Икбалжан Мирсаитов төмөнкү кеңештерин бөлүштү:

Өзбекстандык, тажикстандык аялдардын, балдардын келген учурун журналисттер жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары сүрөткө, видеого тартып, аны медиада кеңири жайылтышты. Жок дегенде балдардын бетин жаап коюшкан жок.


«Журналисттер согуш тутанган аймактардагы жарандарын алып келүүдөгү мамлекеттин ролуна көбүрөөк көңүл бурсун. Ансыз да оор кырдаалда күн кечирип, мекенине кайтып келгендерге суроо жаадыруунун кажети жок. Согуш аймактарына эмне үчүн кетип калганы, ал жакта эмне кылганы жөнүндө сурап, алардан жооп алып, натыйжада ошол мекендештерди башка кишилерге жаман көрсөтүп, «булар террорист» деген далилденбеген күнөөнү алардын мойнуна илип койбош керек. Кайтып келгендерди ашыкча каарман кыла берүүнүн да кажети жок. Согуш тутанган аймактарга баары эле атайылап кетип калган жок да. Кай бирлери кимдир-бирөөлөрдүн тузагына түштү, алданды. Башкалар алардын катасын кайталабасын деген ой менен телебаян же макала даярдалчу болсо, журналист калыстык позициясын жоготпосун. Көбүнчө журналисттердин сүйлөө тону, тексти Жакыккы Чыгышка кетип калгандарды күнөөлөгөндөй мүнөздө болуп калат. Муну менен журналист коомго да аларды жаман көрсөтөт. Мекенине кайтып келген жарандардын элден обочо болуп калышына журналисттер салым кошпогондой болушу керек.

Андан тышкары Сирияга же Иракка кетип калгандар же кайра келгендер жөнүндө жазып жатканда алардын улутуна, кайсы жерден экенине басым жасай бербеш керек деп кеңеш беребиз. Бир адамдын улутуна басым жасоо менен журналист башкаларга ошол улуттагы бардык адамдар жөнүндө мүнөздөмө берип коёт. Же жерлигин айта берсе, окурманда, угарманда же көрөрманда ошол аймактагы бардык адамдарга терс көз караш пайда болуп калышы ыктымал. Андан тышкары, Сирияга, Иракка кеткендердин жагдайынын баарын динге байлай берүү да туура эмес».

Икбалжан Мирсаитов журналисттер ката кетирген айрым учурларды да айтып берди:

Азыркы негизги милдет – ал жактан келгендердин тагдырын баяндап, сенсация жасоо эмес, мекенине кайтып келген кишилерге гуманитардык жардам көрсөтүп, реабилитациядан өткөрүүгө салым кошуу.


«Би-Би-Синин орус кызматы Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтып келген тажик кыз жөнүндө аябай мыкты видеобаян даярдады. Анын арты менен секелек таанымал болуп кетти. Мен Би-Би-Синин же анда иштеген журналистке сөз тийгизгим келбейт, бирок ал кыздын келечеги жөнүндө ойлонулбаганы чекилик болду. Бул сюжет анын келечегине чоң залакасын тийгизиши мүмкүн болуп турат. Ал кыз ошол сюжеттен кийин журналисттерден качып, комментарий бербей калды. Анткени башкалар таанып, сөөмөйү менен көрсөтүп атпайбы.

Жашы жете электерден интервью алууда өзүнүн жана жакындарынын макулдугу аябай зарыл. «Интервью бересинби?» деген суроого: «Ооба» деп айтылган жооп аздык кылат. Балдардан комментарий алып жатканда жанында атасыбы, апасыбы, чоң атасыбы, айтор жашы чоңураак жакын кишиси чогуу турганы жакшы. Бала деген бала, баштан өткөндөрүн сүйлөй берет. Өзүнүн айткандары чоңойгондо кайра өзүнө зыян тийгизиши ыктымал экенин ойлобойт да.

Мен журналисттерди бир беткей күнөөлөп, алардын ишине тоскоолдук кылуудан алысмын. Бирок алар Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан мекенине кайткан жарандарды чагылдырууда өтө этият болууга милдеттүү. Реабилитацияга муктаж кишилердин кийинки тагдырына балта чаап койбойлу. Азыркы негизги милдет – ал жактан келгендердин тагдырын баяндап, сенсация жасоо эмес, мекенине кайтып келген кишилерге гуманитардык жардам көрсөтүп, реабилитациядан өткөрүүгө салым кошуу».

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG