Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлүп, мурдагы башчысы кайра дайындалды


Дастан Догоев. Архивдик сүрөт.
Дастан Догоев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда кайрадан Санариптик өнүктүрүү министрлиги деген мекеме түзүлдү. Бүгүн, 26-октябрда президент Садыр Жапаров өзүнүн буга чейинки айрым чечимдерин өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол коюп, Министрлер кабинетинин курамына Санариптик өнүктүрүү министрлигин кошту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, министрлик санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу менен алектенет.

Министрдин милдетин аткаруучу болуп буга чейинки жетекчиси Дастан Догоев дайындалды. Бүгүн аны жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды. Догоевдин талапкерлиги эми Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги быйыл 5-майда Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүү жолу менен негизделген. Бирок 12-октябрда түзүлгөн жаңы Министрлер кабинети мындай мекемесиз куралган.

35 жаштагы Догоев 2019-2020-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон. Санариптик өнүктүрүү министри болуп 2021-жылдын 20-майынан 12-октябрына чейин иштеген. 12-октябрда президент Жапаров өкмөттү отставкага кетирип, өлкөдө жаңы Министрлер кабинети куралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG