Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Дача СУдагы каргаша жашоосун өзгөрткөн Байнур


Байнур белгилүү визажист Гоар Аветисян менен.
Байнур белгилүү визажист Гоар Аветисян менен.

Кыргызстандык Байнур аттуу жигит Москвада визажисттердин сынагында финалга чыкты. Байнур 2017-жылы Дача СУ айылында болгон учак кырсыгында жабыркагандардын бири.

24-октябрда Москвада "Визажисттердин кармашы" сынагы аяктады. 30 катышуучудан финалга үчөө суурулуп чыкса, алардын бири кыргызстандык 20 жаштагы Байнур.

Сулуулук чөйрөсүндө беш жылдан бери иштеп келген жигит бул мелдеш ага дем бергенин кубануу менен айтып отурду.

"Чынын айтсам, мыктылардын катарына кошулам деп ойлогон эмесмин. Гоар (Аветисян) уюштурган Инстаграмдагы марафонго тааныштарым катышып жатканын көрүп, күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Андан кийин мыкты 30 визажисттин катарына кошулдум. Кийинки баскычка өтүп, 12 адамдын тизмесине киргенимди түнкү саат 12де уктум. Мелдештин финалына жетерим үч уктасам түшүмө кирген эмес".


"Визажисттердин кармашы" - бул макияж жасагандар арасында өткөн орусиялык телешоу. Аны белгилүү визажист, бьюти блогер, Инстаграмда 10 миллиондон ашык катталуучусу бар Гоар Аветисян уюштурган.

Адегенде Гоар өз баракчасында бир апталык марафон жарыялаган. Анын талабы боюнча катышуучулар өзү сыяктуу боёнуп, сүрөттөрүн баракчасына жүктөшү керек эле.

Марафондо аткарган иши Гоардын купулуна толгондор Москвада өткөн телешоуго чакыруу алышкан. Орусиянын ар кайсы шаарларынан тогуз, Казакстандан эки адам тандалып алынган. Кыргызстандан Байнур барган.

"Карапайым эле үй-бүлөнүн уулумун. Ата-энем, эки иним бар. Беш ай мурда Москвага көчүп келгем. Бул жакта жалгыз эле турам. Апам съемка учурунда мага келип кетти. Атам, калган туугандарым Бишкекте. Сулуулук чөйрөсүнө беш жыл мурда аралашкам. Бала кезден эле бул ишке кызыкчумун. Бирок өспүрүм курагымда визажист болуу кыялым көпчүлүккө жаккан эмес. Анткени Кыргызстанда мындай жумушту эркек аткарбайт деген түшүнүк бар. Бир гана апам мени колдоп, анын жардамы менен бул кесипти окуп, өздөштүрдүм".

Катышуучулар бир апта ичинде ар кандай курактагы кыз-келиндерди түрдүү шарттарда боёп жатышты. Байнур алардын арасында кийген кийими, образдары менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган.

Байнур төрт жыл мурда Дача СУ айылында болгон учак кырсыгынын күбөсү. Айылга конокко барган он бештеги бала ошол каргашада жакындарынан айрылып, катуу стресс болгон. Өзүнүн бели мертинип, мээси чайкалган.

"Дача СУда таежем жашачу. Анын уулунун туулган күнүнө барып, конуп калдым эле. Эртеси кырсык болуп таежем үч баласынан бирдей айрылды. Мен да жараат алып, ооруканага жатып калдым. Бир айдан кийин гана балдак менен баса баштагам".

Байнур 2017-жылы Дача СУ кырсыгынан кийин ооруканада бир ай жатып чыккан.
Байнур 2017-жылы Дача СУ кырсыгынан кийин ооруканада бир ай жатып чыккан.

Мындан туура төрт жыл мурда, 2017-жылдын 16-январында «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта экипаждын төрт мүчөсү жана 85 тоннадан ашык жүк болгон. Каргашада тынч уйкуда жаткан 35 тургун жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү каза тапкан. 36 адам жараат алып, Дача СУдагы 39 имарат жараксыз абалга келген. Кырсык курмандыктарынын 17си балдар болгон.

"Ошол кыйын күндө жашоо кыска эле экенин түшүндүм. Кыялдан баш тартпай, жүрөгүм каалаган ишти кылууга максат койдум. Мына ошол күндөн бери визажистмин".

Байнур Орусияга кыргыз коомунда калыптанган стереотип түшүнүктөрдөн чүнчүп кеткенин жашырган жок. Ал адатта кыз-келиндерди сулуулаган эркектер кодулоого кабыларын айтты.

"Кыргызстан эркек визажистти же бьюти блогерди кабыл алган өлкө эмес. 2020-жылы Тик-Токто видео тартып, атым чыга баштаганда мазактап, шылдыңдагандар көп болчу. Башкаларды кой, бир тууган инилеримдин да мамилеси ушундай эле. Кызыгы, эми гана мени түшүнүп, колдой башташты. Чынын айтсам, өз максатыма жетүүдө көп тоскоолдуктарга дуушар болгом. Бул шоу мага эбегейсиз дем берди. Москвага жаңы жашоо башташ үчүн келгем. Мына ушул мелдеш жаңы жашоого жакшы трамплин болду деп ойлойм. Москвага келгениме беш ай эле болду, кыска убакыт ичинде жакшы эле көрсөткүчкө ээ болдум деп ойлойм. Мындан ары да карьерамды өнүктүрүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм".

Байнур бизге мындан ары Гоар Аветисяндын мектебинде визажист өнөрү боюнча акысыз билим аларын да сүйүнчүлөдү. Жигит жакынкы келечегин азырынча Москвадан гана көрөт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG