Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Теннисчи Элизанын АКШда жараткан ийгилиги


Элиза Аскарова. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт.
Элиза Аскарова. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт.

Пенсильвания штатында кыргызстандык Элиза Аскарованы эң мыкты теннисчи деп табышты. Кыргызстанда бир нече жолу чемпион болгон Элизага бул наамды жеңүү оңойго турган эмес. Океандын ары жагына барганда спортчу кыз карьерасын кайрадан баштаган.

17 жаштагы Элиза Аскарова мектептен кийин теннис боюнча машыгууга жөнөйт. Мындай режимге ал бала кезинен көнгөн.

Теннисчи кыздын ата-энеси эки жыл мурда Бишкектен АКШга, тагыраагы Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарына көчүп кеткен.

Мындай журт которуу Элизанын спорттук карьерасына да таасир этти.

Ал үч жыл ичинде өспүрүмдөр арасында Пенсильваниянын «биринчи ракеткасы» деп аталды. Мындай рейтингди Tennis Recruiting Network аттуу сайт түзгөн. Ушул эле сайттагы маалыматка ылайык, Элиза улуттук рейтингде 68-орунду ээлеп турат.

Быйыл спортчу Public League деп аталган жергиликтүү мелдештерде үчүнчү жыл катары менен чемпион аталды.

Анткен менен Жорж Вашингтон мектебинин бүтүрүүчү классында окуп жаткан Элиза ийгилигине анча алымсынбайт. Ал өз тактикасын иштеп чыгып, аны дагы өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат.

- Оюн талаасында ар ким өзүн ар кандай алып жүрөт. Айрымдар оюн учурунда кыйкырат, кээ бирлери утула баштаганда ачуусун атаандашынан чыгарат. Дагы бири жеңилип баратканда ыйлайт, ар ким менен уруша кетет. Мен өзүмдү токтоо алып жүргөнгө, алдыдагы жыйынтыкты ойлонбогонго аракет кылам, - деди Элиза.

Элиза Аскарованын ата-энеси Кошмо Штаттарга 2016-жылы грин-карт лотереясын утуп алып, көчүп барышкан.

- Жаңы көчүп келгенде албетте кыйналдык. Бирок бул жакта бизге чейин көчүп кеткен атамдын туугандары бар эле, бизден эки көчө алыс жашаган кыргыздарды да таап алдык. Алардын баарынын жардамы, кеңештери менен отурукташып кеттик десем болот.

Элиза Аскарова упай топтоо менен рейтингде акырындап көтөрүлгөн.
Элиза Аскарова упай топтоо менен рейтингде акырындап көтөрүлгөн.

Элиза жаңы жерге отурукташып, мектебине көнгүчө жарым жылдай убакыт өткөн.

Андан кийин да тенниске баш-оту менен кирише алган эмес. Жети тепкичтен турган Кошмо Штаттардын Улуттук Теннис рейтинг программасынын алкагында көтөрүлүш үчүн Элизага тиешелүү упайларды топтош керек болгон. Анын апасы Сауле Аскарова кызын бардык таймаштарга катыштырууга аракет кылган.

Жыйынтыгында Элиза упай топтоп, рейтингде орду көтөрүлгөн. Чогуу машыккан америкалык спортчулар үчүн мындай жетишкендик күтүүсүз болгон.

- Алар Кыргызстан деген өлкө барын, кайда жайгашканын да билишчү эмес. Менин ошондой белгисиз өлкөдөн келип, турнирлерде утуп жатканыма абдан таң калышты. «Сен буга чейин кайда жүрдүң, кайдан келдиң?” деген суроолорду көп беришти. Америкалыктар абдан жакшы калк, боорукер келет. Ошол себептен мени ар дайым колдоп турушту, - деди спортчу кыз.

Public League мелдештеринин мыкты оюнчуларынын бири Тиффани Атмаджа Элиза тууралуу «Аны менен ойногон абдан көңүлдүү болду. Ал мени бардык оюндарда утту, бирок Элизадай атаандашка каршы туруу да сыймык. Менимче мындай атаандаш сага дем-күч берет» деп былтыркы таймаш маалында Northeast Times басылмасына интервью берген.

Элиза учурда өзү окуган мектептин теннис боюнча командасынын мүчөсү. Анын машыктыруучусу Энн Тунни кыргызстандык кыздын оюн учурунда соккуну таамай жана күчтүү урган жөндөмүн баалайт.

Буга Элиза өзү да кошулат, бирок теннистеги ийгилик үчүн мындай артыкчылык жетиштүү эместигин белгилейт.

Элиза Аскарова.
Элиза Аскарова.

Кыргызстандын теннис боюнча үч жолку чемпиону

Элизанын тенниске кызыгып калышына атасы Таалайбек Аскаровдун салымы зор.

Элизанын алгачкы машыктыруучусу Сергей Селезнов секелектен жөндөмүн байкап, ата-энесине аны өрчүтүүгө кеңеш берген.

Ошол күндөн тарта Элиза профессионалдык деңгээлде машыга баштаган экен.

- Кызым тенниске бара баштады. Мектептеги окуусун, машыгууларын жана мелдештерди - баарын бирдей алып кеткенге аракет кылды. Бала чагынан спорт менен алектенген балдарга бир аз кыйын эле. Аларда майрам күндөрү, салтанаттуу иш-чаралар, каникул деген болбойт. Мектеп анан машыгуу. Бала чарчайт, утулуп калса маанайы чөгөт, спортту таштайм деп чырдайт. Мындай учурларда ата-энеге деле кыйын. Биринчиден, баланы ашыкча аяп, көзүн карагандан кармануу керек. Бул анын келечеги экенин туура түшүндүрүү абзел. Кичинекей бала бүгүнкү эмгеги эртең жемиштүү болорун кайдан билмек эле, - деген апасы Сауле Аскарова ушул күнгө чейин кызын колдоп келет.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы теннис академиясынын окуучусу Элиза Аскарова. 28-март, 2015-жыл.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы теннис академиясынын окуучусу Элиза Аскарова. 28-март, 2015-жыл.

Талыкпаган эмгегинин акыбети кайтып Элиза чоң теннис боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын үч жолку чемпиону, 14 жашка чейинкилер арасында Борбор Азиянын чемпиону болгон.

Бельгияда өткөн мелдештердин биринде Азия командасынын курамында 14 жашка чейинкилер арасында жуп таймашта (парный разряд) 2-орунду алган. Теннис боюнча спорттун чебери наамына татыган.

Элизанын кыялдары

Элиза Аскарова учурда бош убактысын достору жана бөбөктөрү Алия, Нурбек менен өткөргөндү жакшы көрөт.

13 жаштагы сиңдиси Алия сууда сүзүү менен алектенет. Ата-энеси экинчи кызы да кесипкөй спортчу болорунан үмүт кылышат.

Элиза болсо эмдиги жылдан тарта Делавэр университетинде окуй баштайт. Анын алдыга койгон максаттары бийик. Келечекте мыкты окуп, теннисте жакшы көрсөткүчтөргө жетүүнү самайт.

- Жакынкы келечекте мектепти ийгиликтүү аяктап, теннисти улантууну кыялданам. Университеттин теннис командасына кошулуп, ийгилик жараткым келет.

Ал тапта Делавэр университетинин теннис командасы Элиза Аскарова аларга эмдиги жылы кошуларын алдын ала эле өз сайтына жарыялады.

Blue Hens деп аталган команданын башкы машыктыруучусу Келли Андерсон:

- Элизанын биздин командага кошуларын билип, абдан толкунданып турабыз. Ал абдан оор басырыктуу, атаандаштыкты көтөрө алган, жаңы нерселерди тез өздөштүргөн бийкеч. Элиза Делавэр штатынын теннис программасына жеңиш алып келет деп ишенебиз жана ал бул жактан чоң тажрыйба топтоорунан күмөн санабайм, - деп жазды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG