Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:20

Сурия: Мүдүрүлгөн сайын тажрыйба топтойм


Сурия Курбанова
Сурия Курбанова

Сурия Курбанова Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинин кадрларды тейлөө департаментинде эмгектенет. Алгач стажировкадан өтүү үчүн барган Сурия эмгекчилдиги менен башкалардан айырмаланып ал жактан иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

2012-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин аяктап, дароо эле Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык Академияга магистратурага тапшыргам. Окуп жүргөндө активдүү студенттердин катарында болчумун. АКШ, Дубай, Индия, Борбор Азия мамлекеттеринде өткөн ар кандай эл аралык конференцияларга катышып келгем. Ыктыярчы катары бейөкмөт уюмдарда эмгектенип, тажрыйба топтогонго аракет кылчумун.

Академияны аяктап калганда, Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесине практика өтөөгө сынак жарыяланганын угуп, документтеримди тапшырдым. Кудай жалгап, өтүп кеттим. Мени Улуттар Уюмунун катчылыгындагы (секретариат) кадрларды тейлөө департаментинин UMOJA деген долбооруна кабыл алышты. Албетте процесс мен ойлогондой оңой болбоду.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн миңдеген студенттер бул позицияга тапшырган. Алардын ичинен өзүмдүн татыктуу экенимди далилдөө оңойго турган жок. Бир катар сынактардан өттүм. Алгач департаменттин координаторунун жардамчысы болуп иштеп баштадым.

Бул жерде жумушубуз кагаз ишине, документке байланыштуу болгондуктан абдан так болуу керек. Анткени биздин колубузда Улуттар Уюмунда иштеген ар бир кызматкердин жеке, конфиденциалдуу маалыматы бар. Мен дароо эле көнүп кеткен жокмун. Кыйынчылыктарга кабылдым. Бирок ишимде кемчиликтерди көрсөтпөө үчүн күнү-түнү эмгектенгенге туура келди. Менин өжөрлүгүмдү байкаштыбы, айтор төрт айлык практикам бүткөндө мага иш келишимин сунушташты. Ошентип катчылыкта иштегениме бир жарым жылдан ашып калды.

Ишимди абдан жакшы көрөм.
Ишимди абдан жакшы көрөм.

Биздин уюмда иштеген ар бир адам өзгөчө

Бизде иштеген ар бир кызматкер өз өлкөсүндө же өз чөйрөсүндө белгилүү инсан. Ар биринин артында чоң иш тажрыйбасы бар. Мен ошондой адамдар менен бирге иштегениме абдан кубанам. Алар менен баарлашканда дүйнөнү ачкандай болом. Анткени уюмга ишке кирген ар бир адам, алгач бизге келет. Биз аларга уюмдун ички эрежелери менен тааныштырып, эшик ачып беребиз десем жаңылышпайм. Андан тышкары өзүңөр билгендей бул жакта жыл сайын уюмдун башкы ассамблеясы өтүп турат, көптөгөн жыйындар болот. Ал иш-чаралардын жүрүшүнө түздөн-түз тиешебиз болбосо да, конференцияларга катыша алабыз. Маселен, мен жеке өзүм бир жарым жыл ичинде уюмдун мурдагы катчылары Кофи Аннан, Пан Ги Мундун жыйындарына, азыркы баш катчы Антониу Гутерреиш өткөргөн иш-чараларга катыштым. Андан башка көптөгөн мамлекеттердин лидерлерин, уюмдун элчилери болгон Леонардо Ди Каприо, Стив Уандер, Жорж Клуни, Стинг сыяктуу бир катар атактуу актерлорду, ырчыларды жакындан көрүп, алар менен бир жыйындарда отурдум. Ошол себептен бул жакта өткөргөн ар бир күнүм эсте каларлык, кандайдыр бир мааниге ээ десем болот.

Спорт менен машыгам, театр-музейлерге барам

Нью-Йоркто жашоо ритми башка шаарлардан өзгөчөлөнүп турат, абдан тез. Менин үйүмдөн иш кеңсеме жетүү күнүнө 2,5-3 саат убактымды алат. Жумуштан кийин өз алдымча чуркап же залга барып спорт менен машыкканга аракет кылам. Ал эми эс алуу күндөрү ар кандай көргөзмө, концерт, театрларга барам. Нью-Йорк өзүнүн маданий программасы менен атагы чыккан шаар, анын баарына жетишүү кыйын. Ошондой эле ишибизде өзүңдү өстүрүү боюнча ар кандай тренингдер, сабактар өтүп турат. Маселен, мен жумуштагы йога жана акысыз тил курстарына катышам.

Бала кезде бийчи болууну кыялданчумун

Балалыгым Бишкекте өттү. Өзүм №67 мектепти аяктадым. “Таберик” хореографиялык мектебин да бүтүргөм. Мен бир үй-бүлөнүн улуусумун, сиңдим жана иним бар. Иним экөөбүздүн айырмабыз абдан эле чоң. Ошол себептүү сиңдим экөөбүз чогуу өстүк. Ата-энебиз бизди болгон ийримдерге жаздырып салышкан экен, бала чагымда бош болуп, эркин ойноп жүргөн күндөрүм деле аз болсо керек.

Апам, сиңдим жана мен.
Апам, сиңдим жана мен.

Мүдүрүлгөн жерде тажрыйба бар

Ийгиликтүү жана ийгиликсиз күндөр болбойт. Мүдүрүлгөн жерде тажрыйба бар. Сиздин ар бир ийгиликке жетүүгө болгон аракетиңиз - бул максатыңызга жетүү үчүн жасалган тажрыйба деп ойлойм. Ошол себептүү эч нерседен коркпой, өзүңүздү ар кайсы тармакта сынап көрүп, ички каалоо, жөндөмүңүздү ачышыңыз керек. Эгер бир нерсе болбой калса, капаланып, артка кайтууга шашылбаңыз. Ар бир нерсени тажрыйба катары карап, кайрадан баштоо зарыл. Мен документ тапшырганда бардык уюмдар эле кабыл алган эмес. Көп учурда тажрыйбаң жетишсиз деп ачык айтышчу. Ошол себептен алдыга гана жылып, көздөгөн максатыңызга жетүүгө ашыгыңыз. Мен Улуттар Уюмунда кыргызстандыктардын көп иштешин каалайт элем.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG