Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Кытайча үйрөнүү татаал, бирок өз жемишин берет


Тажик студенттерине кытай тилин үйрөтүп жаткан мугалим. Дүйшөмбү шаары
Тажик студенттерине кытай тилин үйрөтүп жаткан мугалим. Дүйшөмбү шаары

Азыркы мезгилде Кытай Эл Республикасынын экономикасы тездик менен өнүгүп, дүйнөдө аброю жогорулап, аны менен катар өз тилин жана маданиятын жайылтып жатат. Буга байланыштуу кытай тилин үйрөнүүнү самаган жаштардын саны да өстү. Алардын ичинде менин мекендештерим, кыргызстандык жаштар да жок эмес. Кытай тилин билген адам катары бул жаатта билгенимди жаштарга айтып бергим келет.

Мен 1997-жылы Алай районундагы Кабылан-Көл айылында орто мектепти аяктагам. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинде жаңыдан ачылган Чыгыш таануу кафедрасына тапшырдым. Ал кезде түштүктө кытай тили жаңыдан окутула баштаган. Мен кокустан билип калып тапшырган элем. Группада болгону 12 студент окучу.

Анда Кытай менен мамиле мынчалык жогорку деңгээлде эмес эле, окуу китептери, сөздүктөр дээрлик жок. Мугалимдин көзгө басар жалгыз китебин көчүрүп, китеп жасатып, үч жылдай окудук. 4-курска жеткенде гана башка китептердин жүзүн көрүп, лингафон бөлмөсү ачылып, окуу базасы чыңала баштады. ОшМУдан башка ОшТУ жана ОГПИде да кытай тилин окуткан бөлүмдөр бар эле. Кытайдан келген мугалимдер, сүйлөшүп тажрыйба алмашууга кытай жарандары да жок болчу. Мугалимдерибиз Бишкектен жаңы окууну бүтүп келген жаштар эле. Көрсө Бишкекте деле кытай тилин 1992-жылдан тарта окута баштаган экен. 3-курска келгенде биринчи жолу кытайларды көрүп, аябай толкунданып, алар сүйлөсө биз, биз сүйлөсөк алар түшүнбөй кыйналганбыз. Ошол жылы Эл аралык мамилелерди интеграциялоо факультети (ФИМО) ачылып, биздин бөлүм ошол факультетке кошулган. Сабактан кийин кытай жарандары менен иштеше баштадык. Котормочулук кылып, азыноолак акча тапчубуз. Ошентип жүрүп кытайча суудай сүйлөбөсөк да, оюбузду түшүндүргөнгө жарап калдык.

Биздин группада баары жакшы окучу. Университетти бүтүп жатканда 12 студенттен алтоо кызыл диплом алган. Эки-үч группалашыбыз университетте эле калып, мугалимдикти тандады. Калгандары өз жолун тандап, өз максаттарын ишке ашыруу үчүн чоң турмушка кадам ташташты. Мен тилмеч болууну чечтим.

Көп иштеп, аз айлык алган күндөр...

Мен окууну бүткөн кезде, 2002-жылы Ош шаарында же түштүк аймагында кытай компаниялары аябай аз эле. “Карасуу” базарында жеке соодагерлер өздөрүнө котормочу алып иштешер эле. Бирок алар берген айлык аз, тамак-аштан артпайт. Мен дароо эле жакшы жумуш таппадым. Издеп атып тааныш-билиш аркылуу койдун жүнүн, эчкинин тыбытын алган кытай соодагерлер менен иштеше баштадым. Алардын мага берген айлык акысы 100 доллар, ошол убактагы курс менен 4700 сом болчу. Кытайлар өтө эмгекчил, убакытты, акчаны болушунча үнөмдөөнү каалагандыктан, майрам дегенди унутуп иштөөгө туура келди. Өтө зарыл жумуш чыгып калып эле уруксат сурабасаң, дайыма жумушта болууга туура келет. Азыркыдай уюлдук телефон, байланыш каражаттары жок, болсо да аябай кымбат. Кытайлар ошол убакта Кател уюлдук байланышын колдончу. Мага бир аппаратын берип койчу, аны менен көчөдө сүйлөшүп калсаң, элдин баары "байдын баласы" дегенсип таңыркай карашчу. Бирок ал номерге кытайлардан башка эч ким чалбайт эле. Эл кытайлар же чет элдиктер менен иштесең эле акчаны күргүштөтө таап аткандай ойлошот, менден да "канча аласың?" деп кызыгып сурай беришчү. Менимче, дүйнөдө кытайлар гана аз айлык берип, көп нерсе талап кылса керек, себеби, Кытайда жумушчу күчү арзан, атаандаштык аябай күчтүү. Ошондуктан аларга аз төлөп, көп талап кылуу психологиясы сиңип калган. Кытай соодагерлер менен жарым жылдай иштеп, кийин Ноокат районундагы Найман көлүнө кеткен каналды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн компанияга мугалимдерим аркылуу жумушка орноштум.

Кытайча гезиттерди көп окуңуз

Жаңы жумушум таңкы саат 9да башталып, кээде кечки жетиде, кээде түнкү саат бирге чейин созулат. Бирок чоң компанияда иштегендин жакшы жактары бар. Жумушка байланыштуу мыйзам актыларын, салык кодекстерин жана башка көптөгөн тармакты билип алууга шарт түзүлөт. Аларды которууга туура келип, өз кесибиңди андан да терең өздөштүрүүгө туура келет. Көптөр котормочу болгон оңой, сүйлөп коюп эле акча алат, тил гана иштейт деп айтышат. Чындыгында андай эмес, айрыкча жаңы иштеп баштаганда аябай кыйналасың. Көп нерселерди түшүнбөй, күнү-түнү жаңы сөздөрдү жаттоого туура келет. Ар түрдүү тематикадагы материалдарды жазуу түрүндө которууда кыйынчылыкка кабыласың. Аларды которуп бүтүп, кытайларга көрсөтүп, каталарын оңдоп, ошол жол менен өзүң да которуу техникаларын үйрөнө баштайсың. Мен студент кезде кытай достордон газета, журналдарды көп алып окугандыктан, сүйлөм түзүлүшүн, кайсыл сөз каерде колдонуларын бир кыйла билип алган элем. Кытай тили бай, синоним сөздөр көп, аларды кайсы жерде колдонууну билүү үчүн газета, журналдарды, статьяларды, жаңылыктарды көп окууга туура келет. Айрыкча заманбап техникалар чыккан сайын алардын аталыштарын ойлоп таба беришет.

Котормочу болуп иштегенде оозеки котормо бир аз жеңил сезилиши мүмкүн, бирок адамдар менен иштегенде, эки тарап бири-бирин түшүнбөй талаш-тартыш чыкканда аябай чарчап, сиркең суу көтөрбөй калат. Талаш-тартыш учурда котормочу да чоң роль ойнойт. Себеби, ал эки тараптын оюн билип туруп, өз жөндөмүнө жараша дипломаттык тактика менен эки тарапты бир пикирге алып келип же тескерисинче андан ары талаш-тартышты ырбатып салышы мүмкүн. Туура эмес которуп койсоң, анын арты жаман аяктап, бардык жоопкерчилик сага жүктөлөт. Жазуу түрүндө которуу да аябай оор, кээде баштын кан тамырлары жарылып кетчүдөй болуп, көп энергияны, билимди талап кылат. Негизи түштүк аймагында Кытайдын татаал жазмасын которо турган адамдар бир-экөө эле, көпчүлүгү бул ишти колго алгандан коркушат.

Ноокаттагы жумушумда үч жыл иштедим. Ал жерден 150 доллар же 6700 сом маяна алчумун. Жашаган жерим, тамак-аш баары компаниянын эсебинен болгондуктан ашыкча чыгым жок болчу. Жумуш режими баягыдай эле «кытайча», дем алыш, майрамда деле иштей бермей. Бир айда үч күн бошсуң, аны кааласаң катары менен кааласаң бөлүп аласың.

Мыйзам менен дос болуңуз

Кийин «Пекин» соода борборунун курулушуна жумушка орноштум. Ал жерде мурдагыдан да көп тематикага аралашууга туура келди, мыйзамдар, салык тармагы, архитектура, санэпидемстанция, коопсуздук органдары менен кызматташасың. Ал жерде мейманкана жана ресторан жайгашкандыктан, ага келген кытайлар менен таанышып, алар менен достук мамиле түзүлө баштады. Бул жерде жумуш режими бир кыйла жолго коюлган, саат тогуздан алтыга чейин болуп, жекшемби күндөрү эс аласың. Тажрыйба жогорулап, анүстүнө бош убакыт көбүрөөк болгондуктан, ар кандай документтерди көп которо баштагам. Бизде көбүнесе соода келишимдери, бажы декларациялары, фирманын уставдары, ж.б. документтер көп которулат, ошого байланыштуу кытайдын «合同范本», «公司章程» деген китептерин сатып алууга туура келген. Кээ бир котормочулар translate.google.ru сайтына кирип эле которот, бирок алардыкы көп учурда туура эмес болуп калат. Себеби, сүйлөмдөр башы аягына, аягы башына жайгашып, эч түшүнүксүз болуп калат да анын баарын ирээттеп чыгууга туура келет. Мен өзүм on-line котормо сайттарын 2010-жылдан баштап карап көрдүм, ага чейин китеп сөздүк менен эле которуп жүргөм. Оn-line котормо сайттарында толук сүйлөмдү которо турган болсоң сөзсүз ката чыгып, кайрадан оңдоп чыгууга туура келет. Бирок жакшы да жагы бар бир сөздү издөөдө убакытты үнөмдөп, жумушуң тез бүтөт. bkrs.info деген сайт бар, анда (Большой китайский словарь). Орусия, Казакстан, Украина жана башка орус тилдүү өлкөлөрдүн котормочулары катталган, кээде алар бири-биринен жардам сурап, ар дайым ынтымакта иштешет, кытайлык котормочулар www.igimu.com сайтын көп колдонушат, бул сайттан башкалардан кездешпеген сөздөрдү табууга болот. Булардан башка дагы көптөгөн котормо сайттары толтура. Ар ким өзү көнүп калган сайтын колдонот.

Ош шаарында кытайлар көбүнчө паспорт, диплом, туулгандыгы тууралуу күбөлүк сыяктуу өздүк документтерди котортушат. Паспорттун англисче дагы варианты болгонуна байланыштуу чет тилдер факультетине барып, англисчеден орусчага котортушат, тамгалардын айтылышында айырмачылык болгонуна байланыштуу, котормо туура эмес, кээде күлкүлүү болуп калат. Эгерде паспортун англисчеден котортуп, дипломун биз кытайчадан которсок, сөзсүз айырмачылык чыгып, кайрадан паспортун бизге алып келип экөөнү бирдей кылып котортуп кеткен учурлар болгон.

Документ которууга котормочунун паспорту, тил билет деген диплому сөзсүз болушу шарт, себеби нотариуска барып тастыктатканда, ушул документтер керек.

Кээде, которуп бүтүп мөөр басып бер деген учурлар болот, ал үчүн сөзсүз котормочунун фирмасы же патенти менен мөөрү болушу шарт, андай учурда өзүңдүн фирмаң жана мөөрүң болуп, мамлекетке салык жана социалдык фонддун төлөмүн төлөйсүң, ушул документтер болсо баары ойдогудай, мыйзамдуу болот.

Эки милдетти бирдей аркалоо

2010-жылы «Таатан-Ош» соода борборунун башкы кеңсесинин котормочусу болуп ишке орноштум. Жетекчибиз андагы бардык кытайлар менен мамилеси жакшы болгондуктан, түштүктөгү кытайлардын ички мамилесин, кимиси кантип жашап, эмне менен алектенерин, кимиси биздин казинолорду байытарын, канча кытай кайсы кыргыз кызга үйлөнүп, канча балалуу болгонун, кыргыз саясатчылары менен кимиси кызматташарын жана башка көптөгөн маалыматтарды билгенге шарт түзүлдү.

Ал жерде ар бир соодагер кытайдын бирден котормочусу жана бир же эки жумушчусу бар эле, кээде жаңыдан ишке кирген котормочулар кара жумушта иштөөгө ыраазы эле, себеби, алардын эч кандай тажрыйбасы жок, тил үйрөнсөм болду деген максатты көздөшөт.

Котормочу акысы 6000-8000 сомдон башталып, көптөн бери иштегендер 12 000-15 000 тегерегинде айлык алышчу. Мен ичимден айлыкты кантип жеткирет деп ойлочумун. Көрсө жакшы соода кылса, кожоюну ыраазы болуп үстүнө кошуп төлөйт экен. Бул жакта кытайлар жумушка алып жатканда тил билбесе мейли, жакшы соода кылса болду деп айтышат. Ал жерде көп жылдан бери иштеген котормочулар бар, кардарлары ушунча көп, аны мага иште, көбүрөөк төлөйм деп азгырышат. “Таатандын” жакшы жагы иш убактысы так, жумуш эрте бүтөт. Майрамдарда эс алууга уруксат беришет. Андан сырткары котормочулардын салыгын, социалдык төлөмүн иш берүүчү төлөйт, кээ бир котормочулар ошол документтерди жасоодон зеригип, кайдыгер жүрө берет. Кытайлар төлөп жатканы менен ал акча чындап эле котормочунун эсебине түшкөнү белгисиз. Негизи котормочулар жумушка орношуп жатканда алгач салык, социалдык төлөмдөрдү такташып алуусу жакшы, эмгек китепчеси сөзсүз болушу керек.

“Карасуу” базарында да котормочулар көп, алардын айлык акысы 1000 сомдон жогору. Канчалык көп иштесең, айлыгың ошончо жогору. Алардын арасында кытайлар менен жүрүп, оозеки тил үйрөнүп алгандар да көп, бирок алар жазуудан аксайт. Кээ бирөөлөрү өзбекстандык чоң соодагерлерди тартып, кытайларга билдирбей көп товар салып берип, же арзан баада уурдап сатып жиберип, көп акча табат деп уккам, бирок өз көзүм менен көргөн жокмун. Кээ бир кытайлык жоомарт соодагерлер же компаниялар котормочуларын Кытайга бекер алып барып, эс алдырып келишет.

Кытайлар биздин жерди бейиштей эле көрүшөт. 25 жылдан бери ушул жерде жашап, соода кылып жүргөндөрү бар. Биринчиден, биздин климатты жактырышат, жеген нерселердин баары табийгый, проблемаң болсо акча менен бүтүрүүгө оңой. Кээ бир кытайлар биздин жерге көнүп алып, кайра келе беришет.

Кытайлар жетимиш өнөрлүү котормочуну жакшы көрөт

Азыркы убакта Кочкор-Атадагы кытайлык мунай өндүрүүчү компанияда котормочу болуу менен бирге жергиликтүү адамдарды жумушка алуу бөлүмүн карайм. Кытайдын заманбап техникалары, шаймандары ушунчалык өнүккөн, эски скважиналардан да тонналаган мунай өндүрүлүп жатат, канча деген жарандарыбыз жумуш менен камсыз болуп, миллиондогон акчалар салык түрүндө өлкө казынасына түшүүдө.

Бул жерде бир айда төрт күн эс аласың, тамак-аш, жатакана компания эсебинен, салык жана социалдык төлөмдөр мыйзамдуу түрдө төлөнөт.

Менин билишимче, Кыргызстанда онго жакын мунай өндүрүүчү кытай компаниясы иштейт. Котормочулардын айлыгы да 500 доллардан жогору. Убакыттын өтүшү менен котормочуларга да талап жогорулай баштады. Айрыкча чоң компанияга ишке орношсоң, автоунаа айдаганды, компьютер менен иштегенди билүү керек. Юридикалык жана экономикалык билимиң болсо аябай жакшы, бир эле убакта юрист, экономист, бухгалтер, айдоочу, менеджердин милдетин аткара билгендерди кытайлар абдан баалайт жана ошого жараша акча төлөйт.

Кытай тилин үйрөнгөн кадрларга диплому жок жергиликтүү дунган улутундагы мекендештерибиз атаандаш болуп чыга келет. Жаман жагы алар аз акчага макул болуп, айлыктын төмөндөшүнө салым кошот. Жергиликтүүлөрдү жумушка орноштуруп, ай сайын алардан акча алып турган “тыңдары” да бар. Кытайдан келген кыргыз боордошторубуз да тилмеч болуп иштейт, бирок алар орусчадан аксашат.

Кыргызстанда көбүнчө кытай компаниялары алтын казуу, көмүр казуу, нефть өндүрүү сыяктуу кен байлык тармагында иш алып барышат, андан башка China Road компаниясы Кыргызстандын жолдорунун дээрлик баарын өзү курууда. Эгер котормочунун өз автомобили болсо айдоочу-котормочу болуп ишке кирсе, эки айлык алып жана машинесине да төлөтүп алса болот. Ошол эле учурда кен байлык казуучу компаниялар жергиликтүү техникаларды ижарага алып иштетишет, мисалы жүк ташуучу КамАЗ, бульдозер, экскаватор ж.б. Эгерде котомочунун таанышында же өзүндө ушул техникалар болсо кытайларга ижарага берип, акча тапса болот.

Кытай менен Орусияда котормочу болом десеңиз

Менин чет өлкөлөрдө котормочу болуп иштеген ини-карындаштарым да бар. Алардан укканымды да баяндай кетейин. Негизинен биздин жаштар Кытайда окуп жүрүп, ошол жерден жумуш табат, ошол эле маалда Кыргызстандан барып иштегендер да бар. Башкалар сыяктуу эле башында баары кыйынчылыкка тушугат, иш бардык эле учурда табыла бербейт. Кытайда тилмеч болуу үчүн кытай тилин жакшы билишиң шарт. Биздин тилмечтер көбүнчө соодагерлер менен кызматташып, КМШ өлкөлөрүнө товар жөнөтүү менен алпурушат, канчалык көп кардарың болсо ошончолук пайда көрөсүң.

Үрүмчү, Гуанчжоу, Иву, Веньчжоу, Шанхай, Бээжин шаарларында атаандаштык күчтүү, ал жактан иш табам дегендер кытай, орус, англис тилин жогорку деңгээлде билүүсү керек. Гуанчжоудо компанияларга алгач ишке орношкондо 500 доллар айлык сунушташы мүмкүн, ал жашаган үйүңдүн ижара акысына да жетпейт. Андан сырткары виза маселеси кыйнайт. Кайсы бир университеттен окуу визасын жасатып алып иштегендер бар, же болбосо Кыргызстандагы Кытай элчилигинен үч айлык виза жасатып алып, 30 күн сайын Кытайдын чек арасынан сыртка чыгып, кайра кирип тургандар бар. Гуанчжоу шаарында иштегендер 30 күн сайын Гонконг же Макао шаарына чыгып келишет. Кытайга мурда 6 айлык жана 1 жылдык виза берип турса, азыр эң эле узагы үч айга берилип калган. Айрым компаниялар визаны өздөрү бүтүрүп беришет, колдон келсе ошондой иш берүүчүнү тапкан оң.

Орусияда нефть көп өндүрүлгөндүктөн, кытайдын компаниялары аябай көп. Менин тааныштарым ал жерде көбүнчө кытай компанияларында котормочу болуп иштейт. Аларга компания күнүнө 3000, кээ бир суук жерлерде 4000 рублдан төлөшөт. Тамак-аш жана жашай турган жери компаниянын эсебинен. Үч ай иштесе, бир айлык эмгек өргүү берилет. Бирок андай компанияларга орношуу үчүн орус жана кытай тилин жогорку деңгээлде билүү шарт.

Менин группалаштарым азыр ар түрдүү тармакта өз кызматын өтөп жатышат. Котормочу болуп жүрүп кытайлык инвесторлор менен же өзүнчө да ар тармакта ишкердикти баштап алып өз ишиң болгону эң жакшы, себеби, өмүр бою котормочу болуп иштөө да мүмкүн эмес. Инвестиция тартууда да көп кыйынчылыктарга туш келе турган жагдайлар бар, көпчүлүк учурда өзүңдө да каражат болгону жакшы, кытайлык көпчүлүк ишкерлерди биздин жергиликтүү ишкерлер мурда көп алдап кеткени үчүн, бизге көп ишене бербейт жана каржы салууда өтө этият болушат, экинчиден, мамлекетте эки революция, түштүктөгү тополоң окуялары да аларды коркутуп койгон, абал туруктуу эмес деп чочулашат.

Максатбек Бакиров. котормочу

XS
SM
MD
LG