Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Алматы соту БУУга даттанган саясий туткундардын жазасын катаалдаштырды


Алматы шаардык сотунун алдындагы нааразылык акциясы.
Алматы шаардык сотунун алдындагы нааразылык акциясы.

Казакстандын соту жарандык активист, “тыюу салынган уюмга мүчө болуу” деген берене менен соттолгон Уласбек Ахметовдун жазасын катаалдаштырды. Бул тууралуу Казакстандын адам укугу бюросу кабарлады.

Алматы шаардык сотунун аппеляциялык коллегиясы Ахметовду жатак абактан катуу тартиптеги түрмөгө которуу жана жаза мөөнөтүн эки айга узартуу боюнча прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды.

Жарандык активист Уласбек Ахметов жана аны менен бирге түрмөгө түшкөн 13 адам буга чейин БУУнун адам укугу комитетине жана Европарламентке мыйзамсыз соттолгону тууралуу кайрылып, арыз жазган болчу. Анда Казакстандын жетекчилерине ар бирине өз өзүнчө жекече түрдө санкцияларды киргизүү сунушталган.

Быйыл 31-августта Алматы шаарынын Алмалык райондук соту Уласбек Ахметовго коомдук жана саясий иштер менен алектенүүгө тыюу салып, эки жылга жатак абакка кескен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG