Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Исмаилов: Светтик режимди сактап калуу биринчи кезекте дин үчүн зарыл


Бишкек. Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын талкуулоо
Бишкек. Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын талкуулоо

Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2021-2026-жылдарга концепциясын иштеп чыгуучу жумушчу топтун мүчөсү, дин иштери боюнча эксперт Нурлан Исмаилов 26-октябрда аталган концепциясын коомдук талкууга сунуштоо учурунда дин менен мамлекетти аралаштырбоо чараларына токтолду.

Нурлан Исмаиловдун айтымында, Баш мыйзамды иштеп чыккан жумушчу топко “светтик өлкө” деген түшүнүктү алып салуу сунуштары да түшкөн.

“Светтик режимди сактап калуу менен биз диндин тазалыгын, аруулугун сактап калабыз, качан дин саясаттан алыс болгондо гана туура болот. Дин саясий кызыкчылыктар үчүн пайдаланып, аралашып кеткенде Кудай ыраазычылыгы экинчи орунга өтүп калат”, -дейт концепцияны иштеп чыгууучу жумушчу топтун мүчөсү, дин иштери боюнча эксперт Нурлан Исмаилов.

Президент кол койгон "2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка ылайык мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иштеп чыккан 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы талкууланып жатат.

Буга чейин биринчи жолу Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-жылы алты жылга кабыл алынган. Анын алкагында диний мекемелер баары каттоодон өтүп, диний билим берген мекемелердин программалары жана жүргүзгөн ишмердиги тартипке келтирилген. 37 миң иш-чара уюштурулган. (JsA/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG