Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Эл аралык арбитражда мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо планы бекитилди


Эл аралык Гаага сотунун имараты. Нидерланд.
Эл аралык Гаага сотунун имараты. Нидерланд.

Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык доолордун, анын ичинде "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалга байланыштуу Юстиция министрлиги Эл аралык арбитраждык жана башка соттук кароолордо мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо жана жаңы арбитраждык доолордун мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүү боюнча чаралардын планын бекитти.

Мөөнөттүү иш-чара планы мамлекеттин укуктук иммунитетин күчөтүүгө басым жасоо менен инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү жана жергиликтүү, эл аралык юристтердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына баа берүүгө чараларды киргизүү, чыгымдардын деңгээлине баалоо жүргүзүү, эл аралык юристтер менен иштөө үчүн арбитраждык маселелер боюнча жергиликтүү топту түзүү, тобокелчиликтүү топтордогу мамлекеттик органдар жана мамлекеттик кызматкерлер менен талдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өзүнө камтыган.

“Планды ишке ашыруу мамлекеттин юрисдикциялык жактан коргоо жагынан чектерди жогорулатат жана Кыргызстанга каршы арбитраждык доолордун потенциалын төмөндөтөт”, - деп айтылат Юстиция министрлигинин маалыматында.

Мөөнөттүү иш-чара планында эл аралык юристтер жана тышкы кеңешчилерге жардам бере турган жергиликтүү адистер үчүн "Менторчулук" тажрыйбасын өнүктүрүү маселеси да каралган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG