Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө


Баткен согушунун курмандыктарын эскерүү иш-чарасы.
Баткен согушунун курмандыктарын эскерүү иш-чарасы.

Ош шаарында бүгүн 26-октябрда Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө. Токтогул эс алуу багындагы Ооган согушунда каза болгондордун эстелигинин алдында уюштурулган иш-чарага Баткен согушунун 100гө чукул ардагери, жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Эскерүүгө келген айрым катышуучулар мамлекет ардагерлерге жетишерлик көңүл бурбай жатканын айтышты. Ош шаарында алигүнчө Баткен окуясында курман болгондорго эстелик тургузула электигин белгилешти.

«Өзбекстандын ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген ат менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG