Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы талкууланууда


Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. 26-октябрь 2021-жыл
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. 26-октябрь 2021-жыл

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын демилгеси менен 2021-2026-жылдарга мамлекеттик саясаттын концепциясы мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иштеп чыккан.

Концепция жарандык коом өкүлдөрү жана мамлекеттик катчы, Кыргызстанда ишмердигин жүргүзгөн дин ишмерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланып жатат.

Концепция мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Концепция талкуулардан кийин ушул жылдын оябрь айында бекитилет.

Президент "2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган. Беш бөлүктөн турган концепцияда диний жана дин таануучулук билим берүүгө да көңүл бурулган. Президент кол койгон диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында учурдагы абалга баа берилип, мамлекеттин светтик принцибин бузуу учурлары эң көп коомдук кызуу талкуу жаратары жазылган. Мамлекет чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайлардын иши боюнча маалыматтык база түзүү, мамлекеттик диний окуу жайларынын окуу программаларына көзөмөл жүргүзөрү жазылган.

Бул бир катар диний жетекчилердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишине кийлигишүү аракетинен, алардын диний факторду саясий ресурс катары колдонуусунан байкалары айтылган.

Буга чейин биринчи жолу Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-жылы алты жылга кабыл алынган. Анын алкагында диний мекемелер баары каттоодон өтүп, диний билим берген мекемелердин да программалары жана жүргүзгөн ишмердиги тартипке келтирилген. (KS/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG