Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Бишкекте Ирак менен Сириядан кайтарылган жарандардын маселеси талкууланат


Сириядагы "Аль-Хол" качкындар лагериндеги аялдар менен балдар. Архивдик фото.
Сириядагы "Аль-Хол" качкындар лагериндеги аялдар менен балдар. Архивдик фото.

Бүгүн, 26-октябрда Бишкекте Сирия менен Ирактагы согуш талаасынан кайтарып келген жарандарды реабилитация кылуу боюнча Борбор Азиянын аймактык конференциясы өтөт.

Конференциянын уюштуруучуларынын айтымында согуш болуп жаткан жерге Борбор Азиядан 4 миңден ашуун адам кеткен. Ал жакка кеткен көпчүлүк эркектер каза болуп, аялдары жана балдары качкындар лагеринде же түрмөлөрдө калган. Борбор Азия мамлекеттери аларды чыгарып кетүү жана жай турмушка кайтаруу аракетин көрүп келет.

Кыргызстан Ирактагы качкындар лагеринен 79 кыргызстандык баланы алып келген.

Казакстан 2019-жылы Сириядагы жарандарын кайтаруу боюнча “Жусан” операциясынан бешти, Ирактан “Русафа” деген бир операция жүргүзүп, жалпысынан 600дөн ашуун жаранын кайтарды, алардын көбү балдар, калганы аялдар.

Өзбекстан 2019-жылы “Мехр” деген атайын операциясынан экини ишке ашырып, Сириядагы жана Ирактагы 200дөн ашуун жаранын кайтарып алды.

Тажикстан бийлиги Ирактан 84 баласын алып келген.

2021-жылдын 1-февралындагы маалыматка караганда, Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын саны 27,5 миңдин тегерегинде болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG