Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Жапырт уулануу. Тамактануу жайлары текшериле баштады


Суши, роллы. Иллюстрациялык сүрөт.
Суши, роллы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 120га чукул адам "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылды. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты.

"Суши, ролл жегенбиз"

Борбор калаа тургуну Миргүл 23-октябрь күнү "Бишкек парк" соода борборундагы "Империя пиццы" кафесинен балдары менен чогуу тамактанган. Көп өтпөй балдарынын ичи ооруп, өздөрүн жаман сезе башташкан:

"Кундүзгү саат 16.00 чамасында барып тамак жегенбиз. Биз менен кайнимдин кызы да чогуу болчу. Ал ошол күнү эле үйүнө баратып, жолдо кусуптур. Түн ичинде улуу кызым "ичим" деп түйүлүп, эртеси кичүү кызым да өзүн жаман сезип кыйналды. "Тез жардам" чакырып, бул жакка келгенбиз. Ашказандарын жууп, бир сыйра дары тамчылаткан соң, үйгө жиберген. Бирок түндө кайра эле кыйналып чыгышты. Дагы келдик".

Бишкектеги Темир жолчулар ооруканасына тамакка ууланып кайрылган жарандардын саны өсүүдө. 23-24-октябрь күндөрү бейтапкананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө уулануу белгилери менен медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 25-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 120га жакындады. Кайрылгандар аталган кафеден үйлөрүнө буюртма берип суши, ролл жегенин айтышкан.

Уулангандар арасында жаш балдар дагы бар. Жалпысынан бейтапканада жаткандар 10дон ашат. Айрымдары өзүн жакшы сезгенден кийин үйүнө кетишүүдө. Оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улан Токтосунов "Азаттыкка" кайрылгандарды жаткыруу үчүн кошумча орун даярдалганын билдирди:

Улан Токтосунов.
Улан Токтосунов.

"Алгачкылары ишемби күнү кайрылышкан. Кечээ дагы көп киши кайрылды. Бир гана адамдын абалы оор болгондуктан, жаткырып карадык. Калгандары дарыланган соң, үйүнө кетишкен. Бирок бүгүн кечээ дарыланып, үйүнө кеткендерден да кайрылгандар болууда".

Коронавируска байланыштуу Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасы "кызыл аймак" болуп, анын ордуна Темир жолчулар ооруканасы бейтаптарды убактылуу кабыл алууда. Бөлүмдөгү 30 орун жетпей жаткандыктан, ашканага жана коридорго кошумча керебет коюлуп жатканына биз да күбө болдук.

Ууланып, ооруканага кайрылган адамдардын арасында "Империя пиццы" кафесинин кызматкерлери да бар экени айтылды. Бирок бул маалыматты тастыктоого мүмкүн болгон жок. Дарыгерлерге кайрылгандардын абалы жалпысынын орточо оор деп бааланууда.

"Империя пиццы" убактылуу жабылды

Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махаммад Мурзашев "Империя пиццы" кафеси убактылуу жабылганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда уулануунун себептери 2-3 күн ичинде толук аныкталат:

"Башында кафенин 4-5 түйүнүнө эскертүү берилип, убактылуу жабылган. Кийинчерээк үйүнө буюрутма менен тамак алдырып жеп, ууланган жарандар көбөйгөндө Бишкектеги жалпы 17 түйүнүн жабууну чечтик. 25-октябрда эртең менен бардык түйүндөрү жабылды, андагы азык-түлүктүн баарын иликтөө үчүн алдык. Кызматкерлери да толугу менен анализ тапшырып жатышат. 3-4 күндүн ичинде уулануунун себеби так анык болуп калат".

Мурзашевдин сөзүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл станциясынын алдында чогулуп турган кафе кызматкерлери да ырасташты. Алардын айтуусунда, кафенин бардык түйүндөрү убактылуу жабылган, кызматкерлердин баары анализ тапшырууга милдеттендирилген.

«Империя пиццы» компаниясынын эн белгиси.
«Империя пиццы» компаниясынын эн белгиси.

"Империя пиццы" кафесинин негиздөөчүлөрү менен байланышуу аракетибиз оңунан чыккан жок. Интернеттеги баракчасы да иштебей турат. "Империя пиццы" 2007-жылы Москвада негизделген. Кыргызстанда франшиза компаниясы түптөлүп, 17 коомдук тамактануучу жайы бар. Андан тышкары, буюртма аркылуу пицца, суши жеткирүү кызматын көрсөтөт.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, кафенин ар бир түйүнүндө өзүнүн жетекчиси бар, баары патент менен иштешет. Тогуз айдын ичинде ишкананын кызматкерлери 1,2 миллион сомдук салык жана социалдык төлөм төлөгөн.

Юстиция министрлигинде "Империя пиццы" жоопкерчилиги чектелген коом катары 2019-жылы каттоодон өткөн. Кафе Бишкекте кызмат көрсөтө баштаганына он жылга чукулдап калганы айтылууда.

Тамак-ашты ташуудабы же сатуудабы?

Баштапкы маалыматтарга караганда, уулангандардын басымдуу бөлүгү суши, роллы жешкенин айтышкан. Бул тамактардын курамына чийки балык кирет. Ага колдонулуучу балык негизинен сырттан алып келинет. Аларды алыскы өлкөлөрдөн алып келүү, сактоонун өзүнчө талаптары бар. Жүк ташуучу автоунаалардын чек арада бир нече күндөп, кээде жумалап кармалганын, электр энергиясынын улам өчүрүлүп жатканын эске алсак, анда тамакка колдонулган азыктардын сапаты, коопсуздугу жаатында да чочулоо жаралат.

Киёси Кимура. "Sushi-Zanmai" деп аталган ресторандар тармагынын ээси. 222 килограммдык балыкты тазалоо жолун көрсөтүп жаткан учуру. Жапония. 5-январь, 2012-жыл.
Киёси Кимура. "Sushi-Zanmai" деп аталган ресторандар тармагынын ээси. 222 килограммдык балыкты тазалоо жолун көрсөтүп жаткан учуру. Жапония. 5-январь, 2012-жыл.

Бишкектеги экзотикалык тамак-аштарды даярдаган "Баан-баан" кафесинин ээси Сумсарбек Мамыралиев бул кооптонууларды четке какты. Анын айтуусунда, Кыргызстанга деңиз азыктарын ташыган чоң бир гана ишкана бар. Алар жалпы кафе-ашкана, ресторан жана башка коомдук тамактануучу жайларды камсыздайт.

"Эгер балыкты ташып келүүдө, сактоодо бир мандем бар десек, анда бүт Кыргызстан ууланмак. Анткени баарыбыздын алар жерибиз бир. Аларды сактоодо да мүчүлүштүк кетиши мүмкүн эмес. Азык атайын муздаткычы бар автоунааларда алып келинип, муздаткычтарда сакталат. Электр энергиясынын 8-10 саатка өчүрүлүүсүнөн ал бузулуп кетпейт. Бул жерде ошол кафенин өзүнөн калпыстык кетти деп ойлойм. Эт кескен, балык тазалаган, жашылча-жемиштерди туураган тактайлар ар бири өзүнчө болушу керек. Аларды жууган раковиналар да өзүнчө болууга тийиш. Тооктун эти кесилген тактайга жашылча-жемиш тууралса, түптүз эле сальмонелла бактериясын жуктуруу коркунучу бар".

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында жапырт уулануу учурлары буга чейин да катталган. Эки жыл мурун Бишкектеги "Ала-Тоо" тойканасында жүздөн ашуун адам ууланган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишет.

Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамад Мурзашев коомдук тамактануучу жайларды көзөмөлдөөгө уруксат берилүүсү керек деп эсептейт:

Махаммат Мурзашев.
Махаммат Мурзашев.

"2019-20-21-жылдары текшерүүгө мораторий киргизилген. Быйыл сентябрда Министрлер кабинетинин атайын токтому менен коомдук тамактануучу жайларды текшерүүгө уруксат берилген. Бирок мыйзамдык ченемдерге ылайык жыл аягына чейин текшерүүгө укугубуз жок экен. Бизге Экономика жана коммерция министрлиги уруксат берген жок".

Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрда түштөн кийин тараткан маалыматында жугуштуу оорулардын күч алуусуна жол бербөө үчүн тамак-ашты текшерүүгө мораторий алынганын кабарлады. Ага ылайык, тамак-аш даярдаган, сактаган жана саткан бардык обьектилер текшерүүгө алынат. Учурда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун кызматкерлери өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерүүгө киришти.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, уулануу учурлары катталган коомдук тамактануучу жайларга 3 миң сомдон 23 миң сомго чейинки айып пул салынат. "Империя пиццы" кафеси 3 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG