Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Тамакка уулангандар 179га жетти, баарынын абалы туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага түшкөндөрдүн баарынын абалы 26-октябрга карата туруктуу деп бааланып жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 26-октябрдын саат 11:00нө карата эки күндөн бери медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179га жетти, алардын 18и балдар.

50 бейтап ооруканада жатат, калгандары үйүнөн дарыланууда.

Уулангандар 23-октябрда "Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени аныкталды. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG