Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:09

Дин концепциясы: мамлекет светтик негиздерди күчөтөт


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстанда 3348 диний уюм каттоодо турат

Президент Садыр Жапаров "2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Кыргызстандын эгемен тарыхында ушуну менен үчүнчү диний концепция кабыл алынды. Жаңы кабыл алынган документ беш бөлүктөн турат:

  • Мамлекеттин светтик жана укуктук негиздерин бекемдөө.
  • Мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъекттеринин потенциалын чыңдоо жана кызматташтыгын кеңейтүү.
  • Диний жана дин таануучулук билим берүү системасын өркүндөтүү.
  • Диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат.
  • Диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу.

Жакын арада Министрлер кабинетинин токтому менен аткарыла турган иштердин мөөнөтү белгиленет. Андан кийин бюджети бөлүнүшү керек.

Мамлекет менен диндин милдеттери, чек аралары бекемделет

Президент кол койгон диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында учурдагы абалга баа берилип, мамлекеттин светтик принцибин бузуу учурлары эң көп коомдук кызуу талкуу жаратары жазылган.

Бул бир катар диний жетекчилердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишине кийлигишүү аракетинен, алардын диний факторду саясий ресурс катары колдонуусунан байкалары айтылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов концепция бүгүнкү күндүн талабы экенин белгиледи.

Айбек Иминов
Айбек Иминов

“Жакында эле кабыл алынган документ 2014-2020-жылдардагы концепциянын уландысы. Анын биринчи багыты - мамлекеттин светтик жана укуктук негиздерин бекемдөө. Бул акыркы күндө аябай актуалдуу маселе болуп жатат. Анткени Кыргызстан дин жаатында аябай өнүгүп жаткан мамлекеттердин бири. Ошол эле учурда мамлекеттин светтүүлүгүн же диндин мамлекеттик башкарууга кийлигишпеген абалын сактап калуу негизги маселе болууда. Бул жерде чочулоонун кажети жок. Анктени бизде дин тутуу эркиндиги камсыздалган. Бул үчүн дин жаатындагы мыйзамдарды, укуктук ченемдик актыларын өркүндөтүү жана бекемдөө жүрөт”.

Жогоруда айтылгандай, бул Кыргызстандагы үчүнчү диний концепция. Алгачкысы 2006-жылы кабыл алынса, кийин 2014-2020-жылдардын концепциясы ишке кирген. Анда аткарыла турган 63 иш пландын 29у ишке ашканы айтылып келет.

Диний концепциянын учурдагы абалга сереп салган бөлүгүндө диний чөйрөдөгү жана мамлекеттик башкаруудагы айрым тенденцияларга баа берилген.

"2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашырууну баалоонун жыйынтыгы боюнча болуп жаткан проблемалардын жана тобокелдиктердин бир катары актуалдуулугун сактап келүүдө. Алардын ичинде эң көп коомдук талкуу жараткан учурлар болуп мамлекеттин светтик мүнөзү принцибин бузуу учурлары эсептелет. Бул бир катар диний жетекчилердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иштерине кийлигишүү аракетинен, алардын диний факторду саясий ресурс катары колдонуусунан байкалат. Ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарууда дайыма эле бейтараптык принципти сактай беришпейт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта өз кызматтык милдеттерин аткаруу ордуна диний окууларды пропагандалоо тенденциясы жайылууда", - деп айтылат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов 2008-жылы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жөнүндө” мыйзам өзгөртүүгө муктаж экенин, жакын арада толуктоолор киргизиле турганын кошумчалады.

2026-жылга чейинки диний концепцияда учурдагы мыйзамдардын чийкилиги укук колдонуу тажрыйбасындагы карама-каршылыктарды пайда кылганы жазылган.

Юридика илимдеринин кандидаты, теолог Нурлан Исмаилов мамлекеттин светтик болушу диний уюмдарга дагы пайдалуу экенин айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:

Нурлан Исмаилов
Нурлан Исмаилов

“Саясат менен дин аралашкан учурлардын арты жакшы бүтпөй турганын тарых көрсөткөн. Экөө аралашса дин жана мамлекет үчүн кооптуу жагдай жаралат. Светтик режим диний уюмдарга дагы пайдалуу. Анткени диндин тазалыгы, баштапкы принциптери сакталып, өз алдынча өнүгө алат. Ошол эле учурда диний көз карашты колдонуп бийликке жетебиз деген топтор да жок эмес. Мындай көрүнүштөр шайлоо учурунда көп байкалат. Диний лидерге сөз берип, алардын батасын алган же үгүт учурунда кудайды оозанган учурлар жок эмес. Алар адамдардын диний аң- сезимин колдонуп жатышат. Мындай окуялар диндин саясатка, саясаттын динге аралашып кетишине алып келет. Ушундай нерселерге азыртадан бөгөт коюш керек”.

Маселен, Кыргызстандагы президенттик шайлоо учурундагы дебатта диний көз караштагы чакырык жасаган талапкер болгон. Мындан тышкары шайлоочулар менен жолугушуу учурунда диний багытта үгүт жүргүзгөн партиялар да бар.

"Диний сабатсыздык - көйгөйлөрдүн башаты"

Беш бөлүктөн турган концепцияда диний жана дин таануучулук билим берүүгө да өзгөчө көңүл бурулган. Мамлекет чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайлардын иши боюнча маалыматтык база түзө турганы, мамлекеттик диний окуу жайларынын окуу программаларына көзөмөл жүргүзө турганы жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов мамлекет диний окуу жайлардын ишине мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда гана кийлигише турганын билдирди.

“Диний окуу жайлардын бирдиктүү программасын ишке киргизүү каралып жатат. Алардын шартын жакшыртып, санына эмес шартына көңүл буруу концепциянын багыттарынын бири. Ал жакта сабак бергендердин билимине дагы көңүл буруу керек. Ошол эле учурда дин таануучулук билим берүү деген бар. Аны дин сабагы менен алмаштырбаш керек. Анткени дин таануучулук деп коюп динге үгүттөгөн учурлар байкалган. Ушул себептүү диний билим берүү менен дин таанууну аныктоо абзел”.

Кыргызстандагы диний кызматкерлер 2014-жылдан кийин аттестациядан өтүп, андан 800 имам жана казыят кызматкери кулап калган. Ал эми 71 медресе бар болсо, анын ичинен 66 медресе мүдүрү аттестацияга киргизилген эмес. Мындан тышкары диний билим берүү мекемелердеги окуу программасына көп учурда сын айтылып келет.

Диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов диний билимдин жоктугу олуттуу көйгөй экенине токтолду.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

“Диний чөйрөдөгү көйгөйлөр, радикализмдин күчөшү, толеранттуулуктун аздыгы жана диний сабырсыздык диний билим берүүгө барып такалат. "Кыргызстандагы диний кызматкерлердин, имамдардын билим деңгээли азыркы талапка жооп бербейт" деген пикирлер көп. Буга аттестациялардын жыйынтыктары далил. Жалпысынан кабыл алынган концепциянын мазмуну жакшы. Эми аны ишке ашыруу башка маселе”.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. "Ислам мамлекети"тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.


Диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу

Быйылкы жылдын расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 3348 диний уюм каттоодо турат, алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагылар. Мындан тышкары Кыргызстанда 12 бахаи, бир иудей жана бир буддисттик бирикме бар. Баш мыйзамда алардын укугу бирдей экени жазылган.

"Теңир жыйыны" уюмунун башчысы, машаякчы Кайырбек Маныбаев Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги толук сакталбай жатканына нааразы.

Кайырбек Маныбаев
Кайырбек Маныбаев

“Мыйзам боюнча бардык дин бирдей. Бирок иш жүзүндө ислам динине тартып кетмей бүт жерде кездешет. Көп учурда бизге “динди саттыңар” деп нааразы болушат. Жөнөкөй жарандардын реакциясына көнүп деле калдык. Бирок кээ бир учурда райондун, айылдын деңгээлиндеги мамлекеттик кызматкерлер да жаман мамиле кылат. Өзгөчө маркумдарды жерге берүүдө маселе жаралат. Менин оюмча коомдук телеканалдардан бардык дин бирдей экени көп айтылып, бул багытта мамлекеттик саясат жүрүш керек. Азырынча мындай көрүнүштөр байкалбайт”.

Кыргызстандын чакан шаарлары менен айылдарында диний азчылыктарга кысым көрсөтүп, алардын көрүстөнүндөгү эстеликтер талкаланган учурлар кездешет.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев өлкөдө дин тутуу эркиндиги сакталганын, бирок анын эки тарабы бар экенин айтып берди.

Марс Ибраев
Марс Ибраев

"Биз чөйчөктүн толгон жагын көрө билишибиз керек. Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жакшы сакталган. Бул жагынан кошуна өлкөлөрдөн алдыга кеткенбиз. Мен мусулман же диний кызматкер катары эч кандай кысымга кабылган жокмун. Бул жагынан кудайга шүгүр. Бирок ар кандай күчтөрдүн таасири менен радикалдык топко кошулуп кеткен, саясий исламды жайылтып жаткан жарандарыбыз жок эмес. Бул бизге берилген эркиндиктин экинчи жагы. Ал эми кээ бир мусулмандардын башка диндин өкүлдөрүнө толеранттуу мамиле кылбай жаткандыгынын себеби караңгылык, билимдин жетишсиздигинде. Бул бир гана Кыргызстанга таандык маселе эмес. Бүткүл дүйнөдө бар. Муну түшүндүрүү жолу менен чечип алсак болот".

Мындан тышкары дин концепциянын "Диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат" деген бөлүгү бар. Анда коомго мамлекетти өнүктүрүүнүн дүнүйөбий (светтик) принцибин түшүнүүнү, мыйзамды сыйлоону калыптандырууну жайылтуу каралган. Бул үчүн Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК), социалдык медиаларды колдонуучуларды жана блогерлерди тартуу каралган.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия – дин жагында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу ишин жүргүзүүчү, мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу борбордук орган.

Муфтий Ракиев: жаңылануу тууралуу пландарыбыз бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:35 0:00
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG