Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Акылбекова: Дин коомдогу ордумду көрсөттү


Ишкер Айжан Акылбекова.
Ишкер Айжан Акылбекова.

Айжан Акылбекова бир кездери калың элге "Апамдын махабаты" сериалындагы ролунан кийин кеңири таанылган. Азыр улуттук көркөм өнөрдү сүрөгөн жеке ишкердик менен алектенет.

Мурдагы кино өнөрпозу Айжан Акылбекова айым карьерасын "Замандаш" партиясынын негиздөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновго турмушка чыккандан кийин токтоткон. Учурда ал улуттук кийимдерди тиккен "Оймок Арт" студиясын жетектейт жана улуттук “Элечек жумалыгы” аттуу долбоорлорду ишке ашырып келет.

Бир кездерде кино тармагында жылдызыңыз жанып, өзгөчө талантыңыз менен башкалардан өзгөчөлөнгөнсүз? Бирок, көп узабай жашооңузга чоң бурулуш жасадыңыз, турмушка чыкканыңыз чыгармачылыктагы карьераңызды токтотууга түрткү болдубу?

– Негизи, адам баласынын жашоосу, ой жүгүртүүсү атайын этаптарга бөлүнөт экен, жылдар өткөн сайын изденүүнүн , билим алуунун негизинде адам бир чоң нерселерге умтула баштайт тура.

Театр тармагы балалык кыялым эле. Жашоомдун бир тармагындагы бир максатты бала кезде бир чоң максат катары көрүп алыпмын. Бирок убакыттын өтүшү менен бул кичинекей эле максат экендигин түшүндүм.

Театрда, сахнада, экранда өзүмдү көрүп ордумду таба баштаганда менде изденүүлөр, чоң нерселерге умтулуу көкүрөгүмө тынчтык бербей, башка нерселерди издей баштадым. Ал сахнада кол чабуулар, көрүүчүлөр эмес эле, башка нерселерди самап, көөдөнүм көкүрөгүмө тынчтык бербей издене, издей баштады.

Бирок, мен бул дин экендигин билген эмесмин. Анткени, мен диний үй- бүлөдө тарбияланбаганым үчүн бул нерсени түшүнчү эмесмин. Ыраматылык жолдошум менин изденүүлөрүмдү, түйшөлүүлөрүмдү көз алдынан өткөрүп жаткандыктан, мага дин тууралуу маалымат алып көр, деп сунуштаганда, дин багытында изилдей баштадым,ошондо гана жан дүйнөм тынчтанып, өзүмдү тааный баштадым.

–​ Кыргыз коомчулугунда 2000-жылдардын башында алгачкы сериал “Апамдын махабаты” тартылып, ал сериалда көптү үмүттөндүргөн. Эми ошол убактарда театр жылдызына айланган кыз учурда көрүүчү катары киного, театрга барабы? Учурдагы актёрлордон кимдерди баалайсыз?

– Улуттук академиялык драма театрына көрүүчү катары барып турамын. Өзүмдүн мурунку иштеген жерим. Биздин учурдагы, бизден кийинки муунда жакшы актёрлор өсүп келе жатканына кубанамын.

Өзүмдүн группалашым Албина Имашова Каныкейдин ролун жеткиликтүү ойноп жүрөт. Жеңиш Ысманов, Атай деген жигиттер, театр жаатында калыптанып келе жатышат, учуру келсе театрдын корифейлери боло турган актёрлор деп ойлоймун.

Кино ишмерлеринен Темир Бирназаровдун киносун көрдүм. Коомдогу азыркы көйгөйлөрдү таасын чагылдыра алган. Руслан Акун чет өлкөдөн билим алып келиптир, негедир ушул режиссёрлордон чоң эмгектерди күтө берем. Дагы бир Марат Сарулу деген күчтүү режиссер агай бар, бирок ал эмнегедир киного кийлигишпегендей сезиле берет. Эгер жогорудагы аты аталган агайлар киного билек түрүнө киришсе, киного чоң салым кошо алышмак.

–​ Режиссер болсоңуз, кандай эмгек жаратмаксыз?


– Чыгармачылыктагы агайлар айтып калышчу: Бир нерсеге дилетант болбой, билим алуу керек. Менин режиссёрлук билимим жок, бул иш абдан жоопкерчиликтүү. Билбейм, балким, кайсы бир учурда билим алып, ошол идеяны ишке ашырып каламынбы?

Мен жанагы түрктөр тарткан Эртогрул баатыр тууралуу кинону көрдүм. Түрктөрдүн рухун көтөргөн, алардын жашоо салтын, үрп-адатын, дин менен айкалыштырып чагылдырган сонун кино тартышыптыр.

Ошол сыяктуу биздин эпосторубуздан кыргыздын кимдигин көрсөткөн кино тартылса дейм. Бул менин колумдан келбестир, бирок азыр жаш режиссёрлор калыптанып келе жатат, ошолор ушул нерсеге көңүл бурса деп өз алдынча ойлойм.

Сөз менен айтып, дарс окуп жеткирсең болот, бирок элибиздин маданиятын, тарыхын кино аркылуу жеткирүү натыйжалуу болот.

Бул нерсе тууралуу мен көп ойлоном. Кээ бир чыгармачыл санаалаштарым менен сүйлөшкөндө да аларга айтып калам, бирок дагы деле акча маселесине келип такалып калат.

–​ Эгерде сизди ак элечек кийген эненин бейнесин чагылдыруу максатында киного чакырышса, тартыласызбы?


– Ооба, эми мен кесипкөй театр, кино актрисасы болуп эсептелгенден кийин бул нерсени жасаса болот деп ойлоймун. Бул нерсени ойлонуп көрбөпмүн. Бирок, бизде жакшы деңгээлдеги кесипкөй, мыкты, жакшы каржы кетирип тартылган тасмалар жокко эсе. Мен ойнобосом да, кыргыз эненин образын чагылдырган мыкты тасма тартылып калса жакшы болот, деген ойдомун.


–​ Учурда "Элечек жумалыгы" аттуу долбоорлорду ишке ашырып келесиз? Деги эле айымдарга улуттук баш кийимин кийгизүүдөн эмне аласыз?

– Коомдогу ишке ашкан жакшы иштердин баарысы, адам баласысын жеке өз башынан өткөн тагдыры менен, ошол көйгөйлөрдүн кагылышы аркылуу башталат деген көз караштамын. Мен театр, кинодон кеткен соң, диний багытта билим ала баштаганда, жеке өзүм ушул көйгөйлөргө кабылдым.

Мен алгач жоолук салынганда жакшы, сапаттуу кийимдердин бардыгы эле Дубайдан, Түркиядан келген болчу. Алардын кийимдерин да кийип көрдүм, ал учурда коомчулуктун көз карашын, пикирин уктум. Ошондо, мен башка элдин маданиятын өз элиме, жериме алып келгим келген жок. Учурда эл сенин кийип турган кийимиңе, баскан-турганыңа карап эле баа берип коёт.

Мен ошондо гана, кыргыз элинин маданиятына, кыргыз аялзатынын кийими кандай болду экен, деп кызыга баштадым, изилдөөлөрүмдүн натыйжасында биздин баш кийимибиз, белдемчибиз, кемселибиз шариятка туура келген кийим экендигин байкадым. Кыргыз аялзатынын дүйнө элине үлгү келтирчү маданияты бар, бир гана аны жайылта билүү керек.

–​ Улуттук кийимдерибизди жарнамалоо менен бирге диний багыттагы видео маалыматтарды да жарыялап жүрөсүз. Дин багытында илим алдыңызбы?

– Мен кара курсакты тойгузгандан башка дагы эмне жасай аламын деп ойлонгонумда, улуттук баалуулуктардын бири элечекти элге кеңири жайылтууга максат кылгам.

Ар бир элечек кийгенге келген айымдар менен баарлашам. Алардын жашоосуна аз болсо да жардам берүү мага күч-кубат берет, болгону ошол. Ал эми дин жашоодогу, коомдогу ордумду так көрсөтүп, мени жогорку жоопкерчиликке даярдап жатат. 2006-2007-жылдан баштап өз алдымча билим алдым. Учурда теолог-педагог магистрлигин бүтүрүп жатам, жакында диссертациямды жактайм.

–​ Азыр коомдо көз караштардын кагылышы жүрүп жатат. Канткенде бир ортону таба алабыз?


– Учурда маданияттардын (улуттук, диндик, массалык) көз караштар кагылышы болуп жатат. Алла Таала жараткан жер жүзүндөгү бардык жан-жаныбарларды, жаратылышты сүйүүгө үйрөткөн, глобалдуу сүйүүнүн дини - бул ислам дини. Биз дин тутуу маданиятын үйрөнүшүбүз керек. Башка бирөөнүн ишенимин сыйлай билүү зарыл. Пикир укканды үйрөнүү зарыл, жооп берүү үчүн эмес, түшүнүү үчүн укканды үйрөнүү зарыл. Башканын пикирин укпай жатпайбызбы?!

Үч уулуңуз бар, эркек балдарды тарбиялоо оор эмеспи?

– Жалгыз бой эне, жолдошуң каза болгон соң, айласыздан белди бекем бууп, башка жазган тагдырды башка кабыл аласың. Балдарымдын тууган-уругу бар, алардын жардамы чоң.

Балдарга Жаратканды таанытуу керек, убагы келгенде ата-эне дагы өтөт. Бир гана балдарды эмес, бардык адамдарды жоопкерчиликке үйрөтө билүү зарыл.

Мен колумдан келишинче жакшы тарбия берүүгө аракет жасоодомун. Бирок бул жерде сырткы факторлор да бар. Мектеп, коом, достор дегендей. Кандай балдарды, кандай деңгээлде тарбиялап жатканыбызды убакыт гана көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG