Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:39

Алматыда оппозициячыл активисттерге сот өкүмү чыкты


2020-жылдын декабрь айынан бери Алматыдагы тергөө абагында жаткан активисттер (үстүңкү катарда солдон оңго карай) Абай Бегимбетов, Асхат Жексебаев, Диана Баймагамбетова, (алдыңкы катарда солдон оңго карай) Кайрат Клышев жана Ноян Рахимжанов. Видеодон алынган сүрөт.
2020-жылдын декабрь айынан бери Алматыдагы тергөө абагында жаткан активисттер (үстүңкү катарда солдон оңго карай) Абай Бегимбетов, Асхат Жексебаев, Диана Баймагамбетова, (алдыңкы катарда солдон оңго карай) Кайрат Клышев жана Ноян Рахимжанов. Видеодон алынган сүрөт.

11-октябрда Алматыдагы Алмалы райондук соту "тыюу салынган уюмдун ишмердигин уюштурган" жана “ага катышкан” деп айыпталган оппозициячыл 13 активистке өкүм чыгарды.

Судья Ернар Касымбекова айыпталуучулар Асхат Жексебаевди, Кайрат Клышевди, Абай Бегимбетовду жана Ноян Рахимжановду 5 жылга абакка кести жана калган тогузунун эркиндигин бир-эки жылга чейин чектеди. Мындан тышкары аларга коомдук-саясий иштерге аралашууга үч жылга тыюу салынды.

Активисттер тагылган айыпты моюнуна алышкан жок. Айыпталуучулар менен алардын адвокаттары жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдиришти.

Бул иш боюнча сот жараяны 27-июлда башталган. 13 активист бийликти ачык сындап, ар кыл нааразылык акцияларына катышып жүргөн.

Прокурорлор алардын көбүн бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген, өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылына жана "Көчө" партиясына тиешеси бар деп айыптаган.

Жергиликтүү активисттер жакында Казакстанга келген Евробиримдиктин өкүлдөрүн "аталган саясий ишке көңүл бурууга, казакстандык аткаминерлер менен жолугушкан учурда саясий куугунтук маселесин козгоого" чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG