Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Жер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келди


Нааразылык акциясын баштагандар Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында.
Нааразылык акциясын баштагандар Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында.

Ош облусунун Кара-Суу районунун сатып алган жерге курган үйүн түрттүрүү коркунучу пайда болгонун айткан тургундары Бишкекке чейин жөө жүрүш жасаганын билдиришти. Бүгүн 11-октябрда алар Өкмөт үйүнө барып, президенттин коомдук кабылдамасында болушту.

Төрт адам Бишкекке Кара-Суудан 11 күндө келгенин, бийликтен адилеттүүлүк орнотууну жана райондун мурдагы акими Тилек Матраимовду жоопко тартууну талап кылып жатышканын айтышты.

Алардын билдиргенине караганда, 2018-жылы трансформация болуп, жеке колго өткөн жер үлүштөрүн ошол кездеги аким Матраимов “Ихлас” курулуш компаниясына мыйзам бузуу менен өткөрүп берген жана азыр “карапайым эл курган үйлөрдү түрттүрүп жатышат”.

Президенттин коомдук кабылдамасында.
Президенттин коомдук кабылдамасында.

“Ихластын” жетекчилиги бул маселеге компаниянын тиешеси жоктугун, маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди. Ишкана “Жогурудагы жердин “Ихласка” тиешеси жок жана компания ал жерге эч кандай кызыкдар эмес, себеби, биздин маалыматка караганда, жер айыл чарба багытында болгондуктан турак жай курууга мыйзам жол бербейт. ​Негизсиз жана далили жок маалымат тарап жатат. “Ихластын” Ош шаарында эки курулуш объектиси бар, бири Масалиев көчөсүндө, экинчиси Төлөйкөн кичи районунда” деп белгиледи.

Кара-Суунун Дыйкан-Кыштак айылынын бир нече тургуну буга чейин президентке, УКМК төрагасына даттанышкан жана сотторго, жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдиришкен.

Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган. 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин кызматтан бошотулуп, камакка алынган. Ош шаардык сотунун чечими менен бир айдан кийин үй камагына чыгарылып, айыпка жыгылганы маалымдалган.

Жергиликтүү бийлик үйлөрдү буздуруу боюнча чечимдер мыйзамдуу болгонун айтууда.

Матраимов өзү же анын жактоочулары бул чыр боюнча комментарий бере элек. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG