Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Опера ырчысы Ирина Деркембаева менен коштошуу зыйнаты өттү


Опера ырчысы Ирина Деркембаева менен коштошуу.
Опера ырчысы Ирина Деркембаева менен коштошуу.

Бүгүн 11-октябрда Бишкекте көрүнүктүү опера ырчысы Ирина Деркембаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомчулук өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Коштошуу иш-чарасы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында уюштурулуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Деркембаева 9-октябрда Бишкекте 94 жаш курагында дүйнө салган.

Ад Кыргыз ССРинин эл артисти, Бурят АССРинин эл артисти, "Данакер" орденинин кавалери болгон, бир катар операларда ырдап, көптөгөн образдарды жараткан.

Ирина Деркембаева 1927-жылы 25-декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон.

1978-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент болуп иштеп, көптөгөн опера ырчыларын тарбиялаган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG