Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик алмашты


Мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик алмашты. 26-октябрда мекеменин башчысы болуп Адилет Кубанычбеков дайындалганын, аны жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырганын “Азаттыкка” басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мурдагы жетекчи Самат Исабеков жана аны менен кошо эки орун басары “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген негизде кызматтан алынышты.

Жаңы орун басарлар болуп Эрик Ирискулбеков жана Азамат Абдыкалыков дайындалышты. Бажы кызматында жалпысынан төрт орун басарлык кызмат бар.

Адилет Кубанычбеков буга чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Самат Исабеков бажы мекемесине жетекчи болуп төрт ай мурда дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG