Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

АКШ Өзбекстандагы шайлоо боюнча билдирүү жасады


Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментти жекшемби күнү болуп өткөн Өзбекстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү таратты. Анда АКШ Өзбекстандын элинин добуш берүү укугун колдой турганы айтылып, анын тынч жана шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги катышуусунда өткөнү белгиленди.

Вашингтон ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу бюросунун шайлоого байкоо жүргүзгөн миссиясынын камтамачылыгын тең бөлүшө турганы айтылган.

Буга чейин ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу бюросунун миссиясы Өзбекстандагы президенттик шайлоо атаандаштыгы жок өтүп жатканын сынга алган болчу.

АКШнын мамлекеттик департаменти Өзбекстан өкмөтүнүн ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу бюросунун миссиясы менен кызматташканын кубаттап, шайлоодо жарандардын саясий жана жарандык укуктарын камсыздоо боюнча сунуштарды эске алууга чакырды.

24-октябрдагы шайлоодо президент Шавкат Мирзиеев 80% добуш менен утуп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG