Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Бейшембаев: Өпкөсү ооругандар, чылым чеккендер COVID-19дун өтө оор түрүнө кабылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус менен ооругандардын чыныгы саны расмий көрсөткүчтөн 2-3 эсе жогору жана бул илдеттин оор түрүнө тамеки чеккен адамдар көбүрөөк чалдыгууда. Бул тууралуу 26-октябрда Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм башчысы Мукаш Бейшембаев билдирди:

“Быйылкы жылдын ичинде коронавирустун өтө оор түрүнө чалдыккан бейтаптардын көпчүлүгү тамеки чеккен, өпкөнүн ар кандай илдети менен ооруган адамдар болуп чыгууда. Ошолор оор түрлөрүнө кабылып, өлүм көп кездешип жатат”.

Мукаш Бейшембаев "тамеки тартуу коронавирустун өпкөгө киришине жолтоо болот" деген сөз жалган экенин, спирт ичимдиктери да бул оорудан коргобой турганын белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. Ошондон бери бул ооруну жугузуп алгандардын расмий саны 180 миңден, каза болгондор 2,5 миңден ашты.

Дүйнөдө COVID-19 вирусу 243 миллион адамга жукту, алардын 5 миллионго чукулу көз жумду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG