Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Монополияга каршы агенттик: Бензин баасы жогоруласа кымбаттоо 10 сомго жетпейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кара май баасы жогорулаган күндө да кымбаттоо 10 сомго жетпейт", - деп билдирди бүгүн, 26-октябрда “Кабар” улуттук агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков.

Ал журналисттердин бензин баасы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Орусиянын дүң базарында баа 100% ашуун деңгээлде жогорулап жатканын, кечээ кара май ташыган ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлгөнүн айтты.

Тайлаковдун белгилешинче, баанын негизсиз жогорулашына жол берилбейт:

“Баанын чукул жогорулашына мындан ары жол бербөө боюнча иш жүргүзөбүз. Эгер кымбаттаган күндө да, алар айтып жаткандай, 10 сомго жогорулабайт”.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу 21-октябрда “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деген жоромолун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG