Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Пакистан менен Кытай биргелешкен кайрылуу кабыл алды


Кытай менен Пакистандын мамлекеттик желектери.
Кытай менен Пакистандын мамлекеттик желектери.

Пакистан менен Кытайдын лидерлери 26-октябрда эл аралык коомчулукка биргелешкен кайрылуу жасап, алдыдагы кышта азык-түлүк жана дары-дармек тартыштыгына дуушар болгон Ооганстанга тез арада гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Билдирүүдө Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстандагы кырдаалды талкуулап, ал жакта жашаган адамдардын тартып жаткан азабын жеңилдетүү менен туруксуздуктун алдын алуу маселесин сүйлөшкөнү жазылды.

АКШ аскерлери чыгарылып кеткенден кийин өлкөнү кайра куруу үчүн Ооганстан эл аралык жардамга муктаж экени айтылды.

Биргелешкен кайрылуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Катардын борбору Дохада талибдердин расмий өкүлдөрү менен жолугуп, орчундуу маселелерди талкуулап жаткан учурга туура келди.

Кытай "Талибанды" чек ара бекеттерин ачык кармоого үндөп, 31 миллион долларлык гуманитардык жардамды жана коронавируска каршы 3 миллион доза вакцинасын сунуштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG