Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Президенттик администрациянын "пара алды" деген кызматкери иштен алынды


Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт УКМКныкы. 2021-жылдын 18-октябры.

Таалайбек Апенов Президенттик администрациянын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 26-октябрда билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Апенов соттолгон адамды ырайым алчулар тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын 18-октябрда маалымдаган.

Кылмышка шектүү кызматкер камакка алынган. Анын жактоочулары же тарапкерлери атайын кызматтын айыптоосу боюнча комментарий берген эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG