Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

"Кытай менен жаңы инвестициялык багыттар зарыл"


Азат Эркебаев

Бир жарым жылдан бери Кытай менен Кыргызстан ортосундагы соода алака жандана элек. Кыргызстан 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда Кытай менен чек арасын толук жапкан. Өткөн апталарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетине барып, жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйө турганын айтты.

Кыргызстан менен Кытай мамилеси, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөр, тоскоолдуктар тууралуу “Жаңы Жибек-Жолу” соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү бирикмесинин төрагасы Азат Эркебаевдин пикирин сурадык.

- Ачыгын айтканда, соода-экономикалык мамилелер бир аз солгундай түштү. Албетте, мунун себеби биринчи кезекте пандемиянын айынан. Ооба, Кытайдан жүктүн келиши жана ал жакка чыгаруу кыргыз ишкерлери үчүн кыйын болууда. Анткени өтө жай өтүп жатат. Муну өзүм дагы жеке ишкер катары жакшы билем. Кыргызстандык ишкерлер өздөрү өндүргөн товарларды Кытайга экспорттоодо дагы өтө чоң чектөөлөргө дуушар болот. Жалпысынан токтоп деле калды десек болот. Буга Кытай тараптан бир эле жооп болууда - азыркы карантиндик-санитардык талаптарга жараша деген. Кытай менен Кыргызстандын ортосунда иштеп жаткан "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринде карантиндик нормалар күчөтүлгөн. Ушуга байланыштуу товарларды экспорттоо, импорттоо бир топ кыйынга туруп, чоң маселелерди жаратты. Кыргызстандын экономикасына да зыяны тийди.

- Соода-экономикалык мамилелердин солгундашына бир эле пандемия себеп болдубу? Пандемияга чейин да мамилелер солгундап баштаган деген сөздөр канчалык негиздүү?

- Бул жерде саясий маселеси да бар. Бирок муну өтө басымдуу же болбосо негизги себеби деп айта албайм. Анын да кошумча таасири тийүүдө. Мен мунун себептерин айтсам, Кыргызстандагы Кытай инвесторлорунун иш-аракеттеринин натыйжасы көрүнбөй жаткандыгы, Кытайдын чоң-чоң долбоорлору, кенге байланыштуу же башка дагы инвесторлук долбоорлору кыйынчылыкка учурап жатканынан. Жергиликтүү эл тарабынан аша чапкан иш-аракеттердин болуп жатканын көрүп турабыз да. Мисалга алсак, Солтон-Сары, Чаткалдагы Иштамберди, Баткен облусундагы бир-эки кендерде кытай инвесторлору өздөрүнө залакасы тийди деп эсептейт. Ошол эле учурда иш токтоп калган учурларын биз көрүп турабыз. Бул албетте, Кытайдын расмий бийликтерине жетип турат. Алар мындай иштерге көз жумуп коё алышпайт. Ошолордун залакасы жана саясий-дипломатиялык жактан да бир аз терс таасирлерин тийгизүүдө.

- Ушул мамилелерди оңдоого кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

- Албетте, мүмкүнчүлүк кенен бар. Себеби, эки мамлекеттин ортосунда саясий-дипломатиялык жактан алып караганда позитивдүү чоң-чоң иштерди жасаганга же болбосо жакшы достук, кошуналык мамиле кылууга терс таасирин тийгизген саясий маселелер жок да. Тескерисинче, бизде Кыргыз-Кытай мамилеси жогорку деңгээлде же болбосо стратегиялуу кызматташтык деп сыпатталат. Инвестициялык долбоорлорго көбүрөөк көңүл буруп, жаңы багыттарга басым жасасак, бизге жакшы, пайдалуу жактарын алып келет. Тактап айтсак, бизде мурда тоо кен багытында эле өтө чоң долбоорлор болуп келген. Жол куруу жагынан же болбосо энергетика жагынан кээ бир долбоорлор ачыгын айтканда, ошол эле Бишкек ЖЭБ куруу да терс жагын көрсөткөн. Ошондуктан биз дагы жаңы багыттарды ачып көрүшүбүз керек. Мисалы, айыл-чарбаны өнүктүрүп, Кытай базарына чыгарганга аракет кылсак болот. Бул да бизге пайдасын алып келет. Андан тышкары жол-транспорттук коммуникация жагынан да ишке ашыра турган чоң-чоң долбоорлор турат. Ошол эле Кыргыз - Кытай - Өзбекстан темир жолун ишке ашырсак, бул долбоор Кыргызстан үчүн пайдасын эле алып келет.

- Ушул темир жол долбоору кандайдыр бир себептер менен создугуп жатканына эмне себеп?

- Менимче, кечигип жатабыз. Себеби, 30 жылдан бери талкууланып келе жаткан бул долбоорду ишке ашырууну өлкөбүздүн чоң жетишкендиги катары эсептейт элем. Бул долбоордун ишке ашпай келе жатканынын жүйөлүү себептери да бар. Атаандаш башка маршруттар жок эмес. Орусиядан, Казакстандан алып өтүүчү маршруттар бар да. Албетте, жаңы маршруттун, жаңы жолдун ачылуусун каалабаган тараптар болот. Ошолордун таасири тийип жатат деп ойлойм. Биз ошолорду карап отурбай, өзүбүз аракетибизди кыла берсек болот.

Азыр пандемия айдан-ачык кылып көрсөтүп койду. Жаңы транспорттук каттамдар, транзит багыттарды ачпаса, дүйнөлүк экономикага да өзүнө терс таасирин тийгизип жатат. Түндүк-түштүк жана батыш-чыгышка да товар жөнөтүп жүргөн мамлекеттер ушундай жаңы кыска транзит жолдордун ачылышына кызыкдар болуп турган кези. Ушундан пайдаланып Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан көптөн бери талкуулап жүргөн темир жол курулушуна, долбооруна жигердүү иштерин баштаса болот. Менин пикиримде, бул ишке азыр бардык шарттар бар. Болгону бизге саясий эрк , иштерман, адискөй кызматкерлер болсо, бул долбоор да жакында ишке ашуу убактысы келди деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG