Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

115 шыр байланыш кызматын колдоо боюнча меморандумга кол коюлду


Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси жана USAID уюму жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү боюнча кызматташтыкты бекемдейт.

Жарандарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча 115 шыр байланыш кызматын колдоо, юридикалык көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Бул максатта Омбудсмен институту, USAID уюмунун "Жигердүү жарандар" долбоору жана "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмеси ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна 26-октябрда кол коюлду.

2021-2022-жылдар аралыгында 115 байланыш кызматы аркылуу юристтер элге акысыз укуктук кеңеш беришет.

2015-жылы балдардын укугун коргоо кызматы катары ачылган бул байланыш номуру учурда адам укуктарынын бардык маселелери боюнча юридикалык жардам көрсөтө баштаган. Расмий маалыматка ылайык, жыл сайын бул ишеним телефону өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жарандардан 8 миңге жакын чалууларды кабыл алат.

"Жигердүү жарандар" долбоору USAID тарабынан каржыланып, FHI 360 жана "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмеси аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG