Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Сот Крымдын байыркы артефакттары Украинага таандык экенин тааныды


Крым. Таш-Жарган тракты.
Крым. Таш-Жарган тракты.

Нидерланддардын Апелляциялык соту Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алгандан кийин 2014-жылы Голландиядагы музейге убактылуу сактоого берилген байыркы артефакттардын кенчине ээлик кылуу укугу боюнча ишти карады. Алардын арасында “скифтердин алтыны” деген жалаң алтындан жасалган баш кийим экспонат дагы бар. Экспонаттардын ар бири бир килограммдан ашуун таза алтындан турат.

Бул байыркы артефакттардын үчөө Крымдагы музейлерден жана бирөө Киевдеги музейден алынып, Амстердамдагы Аллард Пирсон атындагы музейдин көргөзмөсүнө коюлган болчу.

"Аллард Пирсон музейи экспонаттарды кайра Крымдагы музейлерге кайтарууга милдеттүү эмес", - деп жазылган соттун чечиминде.

Анткени бул музей экспонаттары Орусия аскерин киргизип, Крымды күч менен басып алганга чейин Амстердамга жиберилгени мисалга алынды. Ошондуктан сот Украина мамлекетинин бул экспонаттарга карата менчик укугу тааныла турганы айтылып, музейлер тууралуу мыйзамга ылайык, ага артыкчылык берилери белгиленди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соттун чечимин “көптөн күткөн жеңиш” деп атап, Твиттер баракчасына жазды.

"Скифтердин алтыны Украинага кайтып келет. Биз дайыма өзүбүзгө таандык болгон нерсенин бардыгын кайра кайтарабыз. "Скиф алтынынан кийин Крымды" кайтарып алабыз", - деп жазды ал.

2016-жылы Амстердамдын соту "экспонаттар Украинанын маданий мурасынын бир бөлүгү болуп саналат жана ага кайтарылып берилиши керек" деген чечиминен кийин ага апелляция берилген болчу.

Сот чечиминде эгемен мамлекеттер гана маданий мурастардын ээси боло алары көрсөтүлгөн.

Москвага караштуу Крымдагы музейлердин жетекчилиги соттун чечимин четке кагып, артефакттар жарым аралдын маданий мурасы экенин эске салган. Ал эми Киев Орусияны Крымдагы маданий жана материалдык байлыктарды ташып чыгып кетип жатат деп айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG