Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

COVID-19: Украинада абал оор, Орусияда дарыгерлер тартыш


Крым. "Кызыл зона"
Крым. "Кызыл зона"

Украинада коронавирус инфекциясына байланышкан эпидемилогиялык абал күндөн-күнгө начарлап баратат. 26-октябрдагы маалыматка караганда, бир суткада COVID-19 илдетинен 734 киши кайтыш болду. Бул бир күндүк эң жогорку көрсөткүч. Орусияда медкызматкерлер тартыш болуп жатат.

Донецк облусундагы Краматорск ооруканасында коронавируска чалдыккан 200дөн көп киши дарыланып жатат. Дээрлик бардыгы оор абалда, өз алдынча дем ала албагандыктан, аппараттарга туташтырылган. Дарыгерлер менен медайымдар тартыш болууда. Медкызматкерлер саламаттык сактоо системасына чоң күч келип, туруштук бере албай калышы мүмкүн деп тынчсызданышат. Күнүгө миңдеген киши ооруканаларга жаткырылууда.

26-октябрдагы маалыматка караганда, алдыңкы бир суткада Украинада коронавирустан 734 киши көз жумду. Буга чейин өлүм-житимдин эң жогорку көрсөткүчү 22-октябрда катталып, 614 кишиге жеткен. Пандемия башталгандан бери оору 64 миңдей украиналыктын өмүрүн кыйды.

Дүйшөмбүдө 19 миңден ашуун кишинин вирусту жугузуп алганы аныкталды.

Апта башында дагы эки облус “кызыл зонага” кирген. Эпидемиологиялык абал курч деген сегиз аймакта, анын ичинде баш калаа Киевде катаал чектөөлөр киргизилген. Мектеп окуучулары эки аптага каникулга таратылды. Борбор шаарда коомдук транспортко түшүү үчүн эмдөө сертификаты же тесттин жыйынтыгы талап кылынат. Буга чейин вакцина албагандардын ресторандарга жана башка коомдук жайларга кириши чектелген болчу.

41 миллион калкы бар өлкөдө 6,8 миллион киши гана толук эмделген.

Крым. 21-октябрь, 2021-жыл.
Крым. 21-октябрь, 2021-жыл.

Ооруканага түшкөн бейтаптар калгандарды эмделүүгө чакырышат, башкалары өз убагында вакцина жасатпаганына өкүнүшөт.

"Мен мындай тозокту элестете да алчу эмесмин. Баса албай калгам. Мындай коркунучтуу нерсени эч качан сезген эмесмин. Канчалык коркунучтуу экенин билесиңерби? Кудайга тообо, догдурларга, башка кызматкрелерге рахмат, мени бутума тургузушту", - деп айтат бейтаптардын бири.

Ал эми Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында COVID-19дан өлгөндөр көп болгондуктан, өлүккана жетишпей жатат. Жергиликтүү бийлик мобилдүү муздаткычтарды сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышты.

Севастополь шаарынын кире беришинде атайын блокпосттордо эмделген же коронавирустан таза деген документтерди текшерип турушат.

Москва. 24-октябрь, 2021-жыл
Москва. 24-октябрь, 2021-жыл

Орусиянын өзүндө инфекция күч алып, медициналык кызматкерлер жетпей баратат. Бейтапкана, стационарларда иштегендердин көбү пандемияга каршы күрөшкө тартылгандыктан, "Тез жардам" кызматкерлери же башка ооруларды дарылагандар тартыш болууда.

"Медкызматкерлер бизде гана тартыш болгон жок. Орусия чоң азапка туш болду. Биздин дарыгердерди Москва, Питер жана башка шаарларда күтүп жатышат", - деди Барнаул ооруканасынын бөлүм башчысы Сергей Глухов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 150 миңдей медайым жетпейт. Бул сан анча көп эместей көрүнгөнү менен, адистер медкызматкерлер адаттан көп иштегенин белгилешет.

Муну менен катар коронавирус менен күрөшүп, илдетти жуктуруп алган, көз жумган ак халатчандар да көбөйүүдө. Мамлекеттик думанын бюджет боюнча комитетинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын жарымында Орусияда миңден ашуун медкызматкер вирустан каза болду. Былтыр бир жылда 485 догдур көз жумган.

Кыргызстанда коронавирус күчөп жатат. Өлкөдө пандемия 2020-жылдын март айында башталган. Ошондон бери бул ооруну жугузуп алгандардын расмий саны 180 миңден, каза болгондор 2,5 миңден ашты.

Дүйнөдө COVID-19 вирусу 243 миллион адамга жукту, алардын 5 миллионго чукулу көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG